kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Компаньон Банкы Токтогулдагы кол өнөрчүлүк көргөзмөсүндө өзүнүн өнүмдөрүн сунуштады

Банк жаңылыктары

Компаньон Банкы Токтогулдагы кол өнөрчүлүк көргөзмөсүндө өзүнүн өнүмдөрүн сунуштады

баш оона айы 28, 2025

Компаньон Банкы Токтогулдагы кол өнөрчүлүк көргөзмөсүндө өзүнүн өнүмдөрүн сунуштады

Токтогул шаарында Кыргызстандагы жети облустун кол өнөрчү аялдарынын эмгектери көрсөтүлдү. Көргөзмөдө салттуу кийиз буюмдар, жасалгалар, текстиль жана улуттук кол өнөрчүлүктүн байлыгын чагылдырган башка эмгектер коюлду.

Компаньон Банкы да бул иш-чаранын катышуучусу болуп, атайын промо-стойка орнотуп, келген конокторду заманбап банктык өнүмдөрү жана сервистер менен тааныштырды. Коноктор «Компаньон» жана «Компаньон Бизнес» мобилдик тиркемелери, онлайн-төлөмдөр, акча которуулар жана убакытты үнөмдөөгө жана финансыны ыңгайлуу башкарууга жардам берген башка санариптик чечимдер тууралуу кеңири маалымат ала алышты.


«Биз адамдарга жакын болуп, ыңгайлуу банктык сервистер менен тааныштырып жана санариптик чечимдер күнүмдүк иштерди кантип жеңилдете аларын көрсөтүп турганыбызга кубанычтабыз. Мындай иш-чаралар биздин кардарларды угууга жана пайдалуу маалымат менен бөлүшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк», — деп белгилешти Банктын өкүлдөрү.

Мындай жолугушууларга катышуу — Компаньон Банкынын ар кандай региондордо коомчулук менен чогуу болуп, бизнеске жана жеке каржыларга жөнөкөй жана жеткиликтүү чечимдерди табууга жардам берүүгө болгон умтулуусунун бир бөлүгү.

Бөлүшүү