kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • САНАРИПТИК КАПЧЫККА ЭЛ АРАЛЫК КОТОРУУЛАР: КОМПАНЬОН БАНКЫ МЕНЕН ЧЕКСИЗ ЫКЧАМ ЭСЕПТЕШҮҮЛӨР

Банк жаңылыктары

САНАРИПТИК КАПЧЫККА ЭЛ АРАЛЫК КОТОРУУЛАР: КОМПАНЬОН БАНКЫ МЕНЕН ЧЕКСИЗ ЫКЧАМ ЭСЕПТЕШҮҮЛӨР

чын куран айы 29, 2026

САНАРИПТИК КОШЕЛЕКТЕРГЕ ЭЛ АРАЛЫК КОТОРУУЛАР: КОМПАНЬОН БАНКЫ МЕНЕН ЧЕКСИЗ ЫКЧАМ ЭСЕПТЕШҮҮЛӨР

Компаньон Банкы санариптик финансылык чечимдерди өнүктүрүүнү улантып, Кыргызстанда биринчи болуп Visa Direct for Account жана Wallet эл аралык которуулар сервисин ишке киргизди. Өзгөчө көңүл санариптик капчыктараг которууларга бурулууда — бул кызмат кардарлар жана ишкерлер арасында барган сайын суроо-талапка ээ болууда.

Бүгүнкү күндө электрондук капчыкка которуулар каражаттарды чет өлкөгө тез, ыңгайлуу жана минималдуу кечигүүлөр менен жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул жакындарды колдоо жана бизнес жүргүзүү үчүн өзгөчө маанилүү.

Санарип капчыкка которуулардын географиясы жана шарттары

Visa Direct for Wallet кызматы төмөнкү популярдуу багыттарды камтыйт:

  • Кытай (WeChat / Alipay) — 7 300 USD чейин, заматта түшөт

  • Түркия (Uption) — 1 500–3 000 USD чейин, заматта

  • Бангладеш (bKash / Nagad) — 2 300 USD чейин, заматта же 1 күнгө чейин

  • Бангладеш (Rocket) — 1 100 USD чейин, 1 күнгө чейин

  • Пакистан (EasyPaisa) — 1 400 USD чейин, бир нече сааттан заматка чейин

  • Монголия (LendMN) — 2 300 USD чейин, заматта

  • Вьетнам (MoMo / VNPT) — 7 600 USD чейин, заматта

Кызмат банк филиалдарында жеткиликтүү:

• Борбордук филиал (Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 170/1);

• Бишкек филиалы (Бишкек ш., Киев көч., 248А);

• «Ай-Пери» филиалы (Бишкек ш., Чүй пр., 158);

• Ош филиалы (Ош ш., Курманжан Датка көч., 224А/1);

• «Ош-Датка» филиалы (Ош ш., А. Масалиев көч., б/н);

• «Манас» филиалы (Манас ш., Токтогул көч., 40).

Кардарлар үчүн негизги артыкчылыктар:

— жогорку ылдамдык (көпчүлүк учурда — заматта);

— ар бир өлкө боюнча так лимиттер жана шарттар;

— популярдуу санариптик капчыктарга түз жөнөтүү;

— каражат алуучунун валютасында түшөт;

— Visa эл аралык инфраструктурасынын ишенимдүүлүгү.

Жөнөкөй колдонуу механикасы

Которуу үчүн кардар банк бөлүмүнө кайрылып, алуучунун маалыматтарын берип, багытты тандайт. Каражаттар эсептен түз жөнөтүлүп, кыска убакытта жетет.

Санариптик капчыкка которуулар — заманбап кардарлар үчүн ыңгайлуу инструмент: жеке керектөөлөрдөн тартып, эл аралык бизнес эсептешүүлөрүнө чейин.

Кошумча маалымат: 88-00, WhatsApp: +996 770 33 88 00

Бөлүшүү