- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Пин-код: картаңыздагы каражаттын сактыгы үчүн код эмнеге маанилүү
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
Пин-код: картаңыздагы каражаттын сактыгы үчүн код эмнеге маанилүү
Пин-код деген эмне жана ал эмне үчүн маанилүү?
ПИН-код (PIN code) – персоналдык идентификациялык номер. Ал банктык картанын ээси сиз экендигиңизди тастыкташ үчүн колдонулат. Бул сиздин 4 сандан турган жеке сыр сөзүңүз.
ПИН-код картаны коопсуз колдонуу, мисалы, соода жүргүзүү, накталай акча чечүү жана баланстагы калган акчаны текшерүү сыяктуу операциялары үчүн керек.Бул код — сиздин акчаңызга жетүүнүн ачкычы болуп эсептелинет жана аны эске тутуп, купуя сыр катары сактоо маанилүү. Сиздин пин-кодуңуз — жеке тиш щеткасы сыяктуу, ошондуктан аны жада калса жакындарыңыз менен бөлүшпөшүңүз керек.
Картанын пин-кодун кантип билүү мүмкүн?
Пин-код дароо карта чыгарылгандан кийин берилет. Кодду алуу төмөнкү жолдор менен болушу мүмкүн:
- Конверт аркылуу. Кээ бир учурларда пин-код карта менен чогу жабык конвертте берилет.
- Уюлдук тиркеме аркылуу.Кээ бир банктар кардар картаны жандандырган учурда пин-код түзүүгө уруксаат берет.
- Билдирүү же SMS аркылуу.Банк сиздин телефонуңузга пин-код жөнөтүшү мүмкүн.
Эгер сиз пин-код кайсы жерде жайгашканын унутуп калсаңыз же эстей албай турсаңыз, анда Компаньон Банкына кайрылыңыз. Биз сиздин картаңызды колдонуу мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирип беребиз.
Эске тутуу оңой болгон пин-кодду кантип ойлоп табуу керек?
Пин-кодду ойлоп таап жатканда оңой эске тутуп калуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок башкаларга билүү оор болгон комбинациялар тууралуу жазуу зарыл.
- Жөнөкөй комбинацияларды колдонбоңуз. Мисалы, “1234” же туулган күнүңүз сыяктуу.
- Уникалдуу кодду түзүңүз. Мисалы, 2 сан эски телефонуңуздун номеринен болсун, ал эми калган 2 сан – ИНН ден болушу мүмкүн.
- Байланыш түзүү аркылуу эске тутуңуз. Мисалы, “1998” саны сиздин окуу жайда окуп баштанган жылыңыз болушу мүмкүн.
- Шифр түзүңүз. Ал сиз үчүн маанилүү дата жана оңой жаттап алууга мүмкүн болгон сан болушу мүмкүн. Мисалы, 19 август – 1908 саны + 4444 = 6352. Бул сиздин шифрленген кодуңуз болот.
Эсиңизден чыгарбаңыз:чоочундардын колуна түшүп калбашы үчүн пин-кодду картаңызга же телефонуңузга жазбаңыз.
Пин-кодду унутуп каласаңыз эмне кылуу керек?
Эгер сиз пин-кодду унутуп калсаңыз, кайгырбаңыз. Көйгөйдү чечүүнүн бир нече жолу бар:
1. Банктын кеңселерине кайрылыңыз.
2. Банктын тиркемеси менен колдонуңуз. Компаньон тиркемеси аркылуу өзүңүз эле пин-кодду өзгөртсөңүз болот.
3. Ишеним телефонуна чалыңыз.
Маанилүү: эгер сиз 3 жолу туура эмес пин-кодду киргизсеңиз, карта убактылуу бөгөттөлөт. Аны бөгөттөн чыгаруу үчүн банкка кайрылыңыз же уюлдук тиркеме менен колдонуңуз.
Картанын пин-кодун кантип өзгөртүүгө болот?
Пин-кодду бир нече жол менен өзгөртүү мүмкүн:
- Банктын тиркемесиаркылуу. Компаньон тиркемесинде “Карталар жана эсептер” бөлүмүнө кирип, “Коопсуздук” бөлүмүнө өтүңүз.
- Банктын кеңселери аркылуу.Адиске паспортуңуз менен кайрылыңыз.
Жаңы кодду тандап жатканда “0000” сыяктуу жөнөкөй комбинациялардан алыс болуңуз жана пин-кодду эч кимге айтпаңыз.
Карта бөгөттөлүп калса, эмне кылуу керек?
Эгер сиз 3 жолу ката пин-кодду киргизсеңиз, карта убактылуу бөгөткө түшүп калат. Аны бөгөттөн чыгаруу үчүн:
- Сизге жакын болгон банктын кеңсесине паспортуңуз менен кайрылыңыз.
- Компаньон Банкынын ишеним телефонуна кайрылыңыз.
- Бул функция жеткиликтүү болсо, уюлдук тиркеме менен колдонуңуз.
Пин-код — бул сиздин жеке коргоочуңуз. Анын ишенимдүүлугүнө жана купуя сыр болуп сакталышына күбө болуңуз. Эгер сизде суроолор калса, анда Компаньон Банкынын адистери сизге жардам берүүгө дайым даяр.
Көп кездешүүчү суроолор
Картанын пин-кодун кантип билүүгө мүмкүн?
Банктын кеңсесине кайрылыңыз же тиркемени текшериңиз.
Пин-кодду унутуп калсаңыз эмне кылуу керек?
Банктын кеңсесине кайрылыңыз, ишеним телефонуна чалыңыз же тиркеме аркылуу өзгөртүңүз.
Пин-кодду кантип өзгөртүү керек?
Банктын тиркемеси аркылуу же банктын кеңселерине кайрылыңыз.
Пин-кодду кантип коргоо керек?
Картаңызга жазбаңыз жана эч кимге айтпаңыз.
Бөлүшүү