kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Санарип сервистер — жөн гана төлөм эмес

Банк жаңылыктары

Санарип сервистер — жөн гана төлөм эмес

жалган куран айы 17, 2026

Санарип сервистер — жөн гана төлөм эмес  


Бүгүнкү күндө мобилдик тиркемелер акчаны башкаруунун негизги куралына айланды. Биз сатып алууларды төлөйбүз, досторубузга акча которобуз, кызматтар жана эсептер үчүн төлөм жүргүзөбүз — мунун баары эми телефон аркылуу бир нече баскыч менен ишке ашат. Бирок мындай көнүмүш аракеттер ыңгайлуулуктан тышкары жагымдуу эмоцияларды да тартуулай алат.

Күнүмдүк төлөмдөрдү дагы кызыктуу кылуу үчүн Компаньон Банкы «Компаньон» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн атайын акцияны ишке киргизди.

Акцияга катышуу абдан оңой.
2026-жылдын 16-мартынан 26-мартына чейин «Компаньон» мобилдик тиркемесинде каалаган операцияны жасоо жетиштүү.


Ар бир операция автоматтык түрдө акцияга катышуу үчүн өзүнчө мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Колдонуучу канчалык көп операция жасаса, утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогорулайт. Ошол эле учурда төлөмдүн суммасы мааниге ээ эмес. Жеңүүчүлөр атайын принцип боюнча аныкталат: катышуучулардын арасындагы ар бир 100-операция утуш болуп эсептелет.

Толугураак маалымат: АКЦИЯНЫН ШАРТТАРЫ

Бул акция Компаньон Банкынын санарип сервистерди өнүктүрүү жана кардарларды мобилдик тиркемени активдүү колдонууга тартуу стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Банк күнүмдүк финансылык операцияларды жөн гана ыңгайлуу эмес, ошондой эле эмоционалдык жактан да кызыктуу кылууга умтулат.

Бүгүнкү күндө «Компаньон» мобилдик тиркемеси аркылуу сиз тез жана коопсуз:

 - акча которо аласыз

 - кызматтар үчүн төлөй аласыз

 - QR-төлөмдөрдү жасай аласыз

 - эсептерди жана карталарды башкара аласыз

 - жеке финанстарыңызды көзөмөлдөй аласыз.

Эгер сизде «Компаньон» мобилдик тиркемеси орнотулган болсо — кадимкидей колдонуп, автоматтык түрдө акцияга катыша бериңиз.

Эгер али орното элек болсоңуз — азыр жүктөп алып, санарип банкингдин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга эң ылайыктуу убакыт.

Биз ар дайым байланыштабыз: 88-00​

Бөлүшүү