- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Компаньон Банкынын Visa Gold картасы менен сом түрүндө кешбэк алыңыз
Банк жаңылыктары
.jpg&w=3840&q=75)
Компаньон Банкынын Visa Gold картасы менен сом түрүндө кешбэк алыңыз
Компаньон Банкынын Visa Gold картасы менен сом түрүндө кешбэк алыңыз
Компаньон Банкы Visa Gold сомдук карталарынын ээлери үчүн кешбэк акциясын баштайт. Эми кардарлар күнүмдүк сатып алууларынан акчаны реалдуу сом түрүндө кайтарып ала алышат.
Кешбэк кандай иштейт?
Ар ай сайын Компаньон Банкы кеминде 3 категорияны аныктайт, алар боюнча сатып алуунун суммасынан 20% чейин жогорулатылган кешбэк эсептелет.
Кайсы категорияларга кешбэк берилерин жана эсептелген сумманы «Компаньон» мобилдик тиркемесинен көрүүгө болот.
Май айынын категориялары жана кешбэк пайызы:
Супермаркеттер жана маркетплейстер — 2% кешбэк
Сулуулук жана ден соолук — 4% кешбэк
Кинотеатрлар — 20% кешбэк
Кешбэк төмөнкү учурларда эсептелет:
Temu, Pinduoduo, Ozon, Wildberries маркетплейстериндеги интернет-сатып алуулар үчүн;
Кыргызстан боюнча каалаган банктын POS-терминалдары аркылуу төлөм жүргүзгөндө;
Компаньон Банкынын сомдук Visa Gold карталары боюнча гана;
упай же бонус эмес, реалдуу сом түрүндө;
сатып алуудан кийин дароо;
учурдагы айдын категориялары боюнча гана.
Кешбэк төмөнкү учурларда эсептелбейт:
QR-код аркылуу төлөгөндө;
акча которууда жана накталай акча алууда;
Элкарт жана Visa Classic карталары боюнча.
Кешбэк алууну кантип баштоо керек?
Эгер сизде сомдук Visa Gold картасы бар болсо
Кешбэк категориялары боюнча маалымат «Компаньон» мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү. Дүкөндөрдө жана интернетте карта менен төлөп, кешбэк алыңыз.
Эгер картаңыз жок болсо
Компаньон Банкынын каалаган бөлүмүнөн заматта чыгарылган сомдук Visa Gold картасын ачыңыз.
Картаны кантип активдештирүү керек?
Эгер сиз Visa Gold физикалык картасы менен операция жасай элек болсоңуз, төмөнкү аракеттердин бирин жасаңыз:
POS-терминал аркылуу картаңызды киргизип, PIN-код менен сатып алуу төлөмүн жүргүзүңүз;
же банкомат аркылуу каалаган операцияны аткарыңыз.
Активдештирүүдөн кийин кешбэк автоматтык түрдө эсептеле баштайт.
📅 Акция 2026-жылдын 18-майынан 31-июлуна чейин жүрөт.
Акциянын шарттары тууралуу кененирээк маалыматты шилтеме аркылуу, Банктын каалаган бөлүмүнөн же 88-00 номери аркылуу алсаңыз болот.
Бөлүшүү
