kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • ОСАГОну “Компаньон” тиркемеси аркылуу алуу: эң көп берилген суроолорго жооп

Банк жаңылыктары

ОСАГОну “Компаньон” тиркемеси аркылуу алуу: эң көп берилген суроолорго жооп

кулжа айы 30, 2025

ОСАГОну “Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу тариздөө — тез, ыңгайлуу жана сизди офиске баруу муктаждыгынан бошотот. Сизге ыңгайлуу болуш үчүн төмөндө кардарларбыз тарабынан эң көп берилген суроолорго жооп даярдадык.

1. Тиркеме аркылуу юридикалык жактарга камсыздоону тариздөөгө болобу?

Жок. Тиркеме аркылуу камсыздоону тариздөө жеке жактарга гана жеткиликтүү.

2. Эгер керек болсо онлайн полисти кагаз түрүндө кантип ала алам?

Тиркемеде кайсы камсыздандыруу компаниясынан ОСАГОну тариздесеңиз, ошол компаниянын филиалына барып, полисти кагаз түрүндө ала аласыз.

3. Эгер кардарда бир нече унаа бар болсо, аларды баарын камсыздоого мүмкүнбү?

Ооба, мүмкүн. Тиркемеде сизде катталган бардык унаа тууралуу маалымат пайда болот. Бир эле тирке аркылуу алардын баарына камсыздоону тариздей аласыз. Жана бардык полистер бир эле тиркемеде сакталат.

4. Влияет ли тип автомобиля на оформление?

Ооба. Унаанын түрү (жеңил унаа, жүк ташуучу унаа ж.б.) камсыздоонун баасына таасир этет.

5.Унаанын мамлекеттик номуру эски болсо, ага полис алууга мүмкүнбү?

Ооба, эски үлгүдөгү мамлекеттик номурлу унаалар үчүн да аны камсыздоого мүмкүн.

6. Эгер унааны башка айдоочу колдонуп жүрсө, ал камсыздоо полиси менен колдоно алабы?

Ооба. Ал үчүн ОСАГОну тариздөөдө полисти башка айдоочу дагы колдоно алат экенин белгилеп кетүү керек.

7. Полисти тариздегенден соң ОСАГО боюнча тастыктоону канча убакыт күтүү керек?

Тастыктоо тариздөө бүткөндөн кийин дароо келет. Эгер полис тариздөө үчүн САКБОЛ компаниясын тандасаңыз, анда полис тиркемеде 24 саат ичинде көрүнөт.

8. Даяр полисти тиркемеден кантип көрө алам?

Тиркеменин башкы бетинде камсыздоонун белгиси пайда болот. Аны бассаңыз, полис ачылат.

9. ОСАГО ийгиликтүү таризделгенин кантип билүүгө болот?

Эгер тиркеменин башкы бетинде камсыздоонун белгиси пайда болуп, аны басууда полис ачылса, анда ОСАГО полиси ийгиликтүү таризделди.

“Компаньон” тиркемеси аркылуу ОСАГО полисин алуу оңой жана ыңгайлуу өтөт. Убактыңызды үнөмдөп, бардык камсыздоо полистерин смартфон аркылуу башкарыңыз.

Бардык суроолор боюнча 88 00 номерине чалып (чалуу акысыз), 0 770 33 88 00 номерине WhatsApp аркылуу жазыңыз.

Бөлүшүү