kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Киреше тууралуу маалым кат: аны кантип алуу керек жана эмнеге ал сиздин финансылык туруктуулугуңуз үчүн маанилүү?

Банк жаңылыктары

Киреше тууралуу маалым кат: аны кантип алуу керек жана эмнеге ал сиздин финансылык туруктуулугуңуз үчүн маанилүү?

Сиз банктан кредит алууну, бөлүп төлөө менен техника алууну чечтиңиз. Же болбосо кайсы бир документ алуу үчүн сизге киреше булагын тастыктоо керек болду. Бул учурдун бардыгында банк же мекеме сизден киреше тууралуу маалымкат алып келүүңүздү суранат.

Киреше тууралуу маалым кат деген эмне?

Киреше тууралуу маалым кат сиздин белгилүү учурда канча акча тапкандыгыңызды көрсөтүүчү документ. Маалым катта:

  • аты-жөнүңүз;
  • айлык акыңыз же башка киреше булагыңыз;
  • бул акча кайсы маалда сизге чегерилгендиги;
  • сиз иштеген мекеменин аты жазылат.

Кыскача айтканда, сизде туруктуу киреше булагы бар экенин жана сиз милдеттенме жана карыз боюнча төлөмдөрдү убагында төлөй ала турганыңызды тастыктоо.

Киреше тууралуу маалым катты кайдан алуу мүмкүн?

Эгер расмий түрдө иштесеңиз, анда мекеменин бухгалтериясына кайрылсаңыз болот. Адатта сизге маалымат кат керектигин жана кайсы убакытты камтыш керегин айтсаңыз эле жетиштүү.

Эгер сиз жеке ишкер болсоңуз же өз алдынча иш алып барсаңыз, маалым катты салык кызматынан ала аласыз. Маалым кат алуу үчүн киреше тууралуу декларацияны көрсөтүү зарыл.

Маалым каттын көрүнүшү кандай?

Киреше тууралуу маалым кат — стандарттуу документ. Ал жакта:

  • акыркы айлардагы кирешеңиз;
  • мекемеде иштеген убактыңыз;
  • иш берүүчүнүн колу жана мөөрү басылат.

Киреше тууралуу маалым кат эмнеге керек?

Көбүнчө киреше тууралуу маалым кат кредит алуу үчүн талап кылынат. Мисалы:

  • кредитке трактор алууну каалайсыз;
  • үйдү оңдоп-түзөө үчүн акча керек;
  • бизнесиңизди өнүктүрүүгө кредит талап кылынат.

Банк сиздин акчаны кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүңүз бар экенине ынаныш үчүн маалым кат сурайт.

Эгер сиз Компаньон Банкынан керектөө кредитин ала турган болсоңуз, арызыңызга батыраак оң жооп алуу үчүн маалым кат керек болот.

Маалымкатты алуу мүмкүнчүлүгү жок болсо эмне кылуу керек?

Эгер сиз расмий эмес иш алып барсаңыз же маалым кат алып келе албасаңыз, кабатырланбаңыз. Компаньон Банкында маалым катсыз жана кепилдиксиз алын турган өзгөчө кредиттөө программалары бар. Болгону Банктын жакынкы кеңсесине кайрылсаңыз биздин адистер сизге ылайыктуу келген кредиттин түрүн тандоого жардам берет.

Эмнеге бул маанилүү?

Киреше тууралуу маалым кат — сиздин финансылык жүзүңүз. Ал банкка сиздин туруктуу жана ишенимдүү кардар экениңизди көрсөтүп турат. Эсиңизде болсун, маалым катты алуу — тез жана жөнөкөй процесс, бирок ал сизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышы мүмкүн.

Суроолоруңуз болсо Компаньон Банкынын адистери жардам берүүгө ар дайым даяр.

FAQ

Кыргызстанда киреше тууралуу маалым катты кантип алууга мүмкүн?

Иш жериңизде, салык кызматында же электрондук сервис аркылуу.

Киреше тууралуу маалымкат эмнеге керек?
Кредитке арыз жибергенде, үйдү ижарага алууда жана башка финансылык операция жүргүзүүдө төлөө мүмкүнчүлүгүңүз бар экенин көрсөтүү үчүн керек.

Киреше тууралуу маалымкатты алуу үчүн кайсы сайттан тапшырык берүү керек?

Салык кызматынын расмий сайтына кайрылыңыз же иш берүүчү тараптан тактаңыз.

Киреше тууралуу маалым кат алуу үчүн канча акча керек?

Адатта маалымкат акысыз, бирок иш жериңизден тактоону унутпаңыз.

Бөлүшүү