- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Кызыл-Суу айылында мигрант үй-бүлөлөр үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү
Банк жаңылыктары

Кызыл-Суу айылында мигрант үй-бүлөлөр үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү
Кызыл-Суу айылында мигрант үй-бүлөлөр үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү
Компаньон Банкы Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургундары үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрдү.
Бул жолугушуунун өзгөчөлүгү — катышуучулар мигрант үй-бүлөлөрдүн чоң ата, чоң энелери болуп, бүгүнкү күндө алар балдарды тарбиялоодо жана үй-бүлөнүн каржысын башкарууда негизги ролду аткарып жатышат. Тренингге 26 үй-бүлөнүн өкүлдөрү катышты.
Каржылык сабаттуулук — коргонуу куралы
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар күнүмдүк турмушта кездешкен практикалык маселелерди талкуулашты:
- акча которууларды коопсуз алуу жана колдонуу
- алдамчылардын курмандыгы болбоо
- үй-бүлөлүк бюджетти көзөмөлдөө
- банк кызматтарын коопсуз пайдалануу
Өзгөчө көңүл каржылык коопсуздукка жана алдамчылыктан коргонууга бурулду, анткени улгайган адамдар көбүнчө алдамчылардын негизги бутага айланышат. Жолугушуу форматы жөнөкөй жана түшүнүктүү болду — турмуштук мисалдар, жагдайлар жана интерактивдүү талкуу аркылуу өткөрүлдү.
Мигрант үй-бүлөлөрдү колдоо
Компаньон Банкы калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча туруктуу иш алып барып, өзгөчө көңүлдү аярлуу топторго бурат.
Эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү — коомдун маанилүү бөлүгү. Мындай үй-бүлөлөрдө каржылык чечимдер көп учурда алыстан кабыл алынат, ал эми акчаны башкаруу жоопкерчилиги улуу муунга жүктөлөт. Мындай демилгелер үй-бүлөлөрдүн каржылык туруктуулугун жогорулатууга жана алдамчылык коркунучтарын азайтууга жардам берет.
Компаньон Банкы каржылык сабаттуулукту өнүктүрүүгө жана кардарлардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган билим берүү демилгелерин мындан ары да улантат.
Бөлүшүү
