kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Айлык акы долбооруна кошулуу үчүн банкты тандоо - Компаньон Банкынан кеңеш

Банк жаңылыктары

Айлык акы долбооруна кошулуу үчүн банкты тандоо - Компаньон Банкынан кеңеш

теке айы 24, 2025

Мурунку макалада айлык акы эсеби эмне экени тууралуу сөз кылып, анын бизнес жана кызматкерлер үчүн кандай пайдасы бар экени тууралуу айтып бергенбиз.

Бул макаладан айлык акы долбооруна кошулуу үчүн туура жана эң негизгиси ишенимдүү банкты тандоо үчүн эмнеге көңүл буруу зарыл экендиги тууралуу айтып берели.

Айлык акы долбооруна кошулуу үчүн банкты тандап жатып эмнеге көңүл бөлүү керек?

Банктын финансылык туруктуулугу

Банкты тандоодо биринчи жана маанилүү кадам болуп анын финансылык туруктуулугун, иш тажрыйбасын баалоо болуп эсептелет. Кыргызстандагы банктардын расмий рейтингдерин баалаңыз. Бул катарда банк канчалык жогору турса, банк чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы ошончолук жогору жана кардарлардын ишеними ошончолук бийик деңгээлде турат.

Репутация жана кардарлардын пикири

Интернеттеги банктын чыныгы кардарларынын пикирлери менен таанышыңыз. Ошондой эле айлык акы долбооруна кошулган тааныш жеке ишкер же компаниялар менен маектешиңиз. Алар кайсы банк менен жана эң негизгиси – эмне үчүн ал банк менен иштешип жатканын сураштырыңыз.

Кызматкерлер үчүн кошумча кызмат жана мүмкүнчүлүктөрдүн болушу

Мисалы, арзандатууларга, акысыз консультация алуу ж.б. банктагы бонустук программаларга катышуу мүмкүнчүлүгү.

Бизнес үчүн банкты тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?

Тарифтер жана тейлөө шарттары

Айлык акы долбооруна кошулуунун баалары тууралуу маалыматты изилдеңиз. Айлык акы эсебин жана кызматкерлерге карта ачуу үчүн төлөмдөрдүн бар же жок болушун, акчаны чегерүү жана нак алуу үчүн комиссиянын болушун тактаңыз.

Акча которуунун ылдамдыгы жана отчеттуулук

Банк акчанын ылдам жана коопсуз чегериши, ошондой эле чегерилген каражат тууралуу тез отчет жиберилүүсүнө кепилдик берүүсү өтө маанилүү.

Кызматкерлер үчүн шарттар

Айлык акы долбооруна кошулуп жатып, бизнес үчүн болгон пайданы гана ойлобостон, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу болуусун дагы ойлоңуз.

Кошулуунун алдында төмөнкү шарттын болуусун текшериңиз:

·        кызматкерлердин тоскоолдуксуз акчасын нак алуусу үчүн банкоматтардын өлкө боюнча болушу

·        банктын расмий сайты, мобилдик тиркемеси жана кызматкерлер иштеген региондордо кеңселеринин болушу

·        кызматкерлерге айлык алуудан башка банктын калган кызматтарынын жеткиликтүү болушу. Мисалы, кредит тариздөө, депозит ачуу ж.б.

Долбоорго кошулууда тобокелдиктерден кантип сактанса болот?

Банктардын сунуштары менен шашпай таанышып, аларды терең изилдөөгө кеңеш беребиз. Сунуштарды салыштырыңыз, юристтериңиз менен кеңешиңиз. Кийинчерээк көйгөйдөн оолак болуу үчүн шашылып келишимге кол койбоңуз.

Сиз үчүн маанилүү болгон пункттардын бардыгы сөз боюнча калып калбай, келишимде жазылганына ынаныңыз. Эгер келишимде сиз түшүнбөгөн пункттар бар болсо, анда ага кол койбоңуз жана суроо берүүдөн тартынбаңыз.

Айлык акы долбооруна кошулууга банкты тандоо үчүн кеңештер

Тарифтерди гана эмес, тейлөө сапатына көңүл буруңуз

Төмөнкү тарифтер дайыма жагымдуу көрүнөт. Бирок сиз биринчи жолу айлык акы долбооруна кошулуп жаткан болсоңуз, сизде суроолор көп болушу мүмкүн. Ошондуктан чечим чыгаруудан мурун банктын бизнеске арналган жана тынымсыз иштеген колдоо кызматы бар экенине ынаныңыз.

Кардарлардын пикири

Банктын тейлөө сапатын чындап билүү үчүн интернеттеги кардарлардын пикири менен таанышыңыз. Ошондой эле тааныш жеке ишкерлердин оюн билиңиз.

Бизнес жана кызматкер үчүн болгон жеткиликтүүлүк

Банктын кеңсе, банкомат, мобилдик тиркеме жана башка технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнүн баалаңыз.

Бизнес жана кызматкерлер үчүн өзгөчө сунуштардын болушу

Компаньон Банкында айлык акы долбооруна кошулган жеке ишкерлер үчүн Visa Business картасын акысыз беребиз. Бул карта бизнес үчүн чыныгы артыкчылыктарды берет. Мисалы, эсептеги калдыкка жылдык 3% кошумча төлөп беребиз жана бизнес чыгымдары үчүн 2% кешбэк ала аласыз.

Кызматкерлерге VisaGold картасы берилет. Аны менен Кыргызстандын ичинде дагы, чет мамлекетте дагы төлөм жүргүзүүгө болот.

Бөлүшүү