kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • «Золотая Корона» акча которууларын тез жана ыңгайлуу алыңыз — түз эле «Компаньон» мобилдик тиркемесинде

Банк жаңылыктары

«Золотая Корона» акча которууларын тез жана ыңгайлуу алыңыз — түз эле «Компаньон» мобилдик тиркемесинде

бугу айы 25, 2026

«Золотая Корона» акча которууларын тез жана ыңгайлуу алыңыз — түз эле «Компаньон» мобилдик тиркемесинде

Эми «Золотая Корона» акча которууларын түз эле «Компаньон» мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот. Кызмат акча которууларды — тез, ыңгайлуу жана коопсуз алууга мүмкүнчүлүк берет.

Акча которууну кантип алуу керек

«Компаньон» мобилдик тиркемесине кириңиз (кызмат тиркеменин акыркы версияларында жеткиликтүү: iOS — 5.16.0, Android — 3.2.18)

Төмөнкү бөлүмгө өтүңүз:

  • Которуулар → Эл аралык которуулар → Золотая Корона → Которууну алуу

  • Каражатты алуу үчүн Элкарт картасын тандаңыз (же виртуалдык Элкарт картасын ачып, которууну ага алыңыз)

  • Андан кийин авторизация жана операцияны ырастоо үчүн «Золотая Корона» кызматына өтөсүз.

  • «Золотая Корона» сервисинде жеткиликтүү которуулардын тизмеси көрсөтүлөт — керектүү которууну тандап, алууну ырастайсыз.

  • Ырастоодон кийин акча каражаты автоматтык түрдө картага түшөт.

Маанилүү маалымат

Картаны тандагандан кийин кардар «Золотая Корона» сервисине өтөт. Бардык кийинки аракеттер жана операциялар төлөм системасынын тарабында жүргүзүлөт.

«Золотая Корона» — КМШ өлкөлөрүндө, Европа, Азия жана дүйнөнүн башка аймактарында акча жөнөтүү жана алуу мүмкүнчүлүгү бар ыңгайлуу эл аралык акча которуу кызматы.

Компаньон Банкы кардарлар үчүн финансылык кызматтарды күн сайын жөнөкөй, тез жана ыңгайлуу кылуу максатында санариптик сервистерди өнүктүрүүнү улантууда.

Биз ар дайым байланыштабыз: 88-00

Бөлүшүү