kompanion-logo

Банктын Миссиясы

Биргеликте жаркын
келечек түзөбүз

Компаньон тарабынан сунушталган маалыматтык кызматтар кардарларга үй чарбаларын жана кирешелерин жакшыраак башкарууга жардам берет

Банк тарыхы

1997 жыл -

Ырайымдуулук жана көмөктөшүү корпусу (Мерсико) - экономикалык өнүктүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы уюм Кыргызстанда алгачкы болуп кичи кредиттөө программасын баштаган.

1998 жыл -

Мерсико кичи жана орто бизнести кредиттөө боюнча өз программасын иштеп чыкты. Ал убакта Мерсико жеке ишкерлер үчүн кичи жана орто бизнес кредиттерин сунуштаган алгачкы уюм болчу.

2003 жыл -

Мерсико тарабынан "Компаньон" аталып, жамааттарды өнүктүрүүнү көздөгөн улуттук каржы институтун ачуу үчүн беш кичи кредит агенттиктерин бириктирүү боюнча тарыхый чечим кабыл алынган.

2004 жыл -

2004-жылдын октябрь айында Компаньон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан каттоого алынган.

2005 жыл -

Компаньон жана Мерсико биргелешип "Алма" аталган долбоорду ишке киргизишти. Долбоордун алкагында Ысык-Көл дубанынын Тосор жана Тамга жамааттарына жемиш багын туура кароо боюнча окутуулар өткөрүлүп баштаган.

2006 жыл -

Кийинчерээк Компаньон ар жылкы алма фестивалдарын өткөрүп баштады. Алгачкы фестивалдын максаты болуп Компаньондун кызматкерлеринин Ысык-Көлдүн айыл жамааттарына багбанчылыкты өнүктүрүү, агроөнүмдөрдү сатуучулар жана сатып алуучулар ортосунда рыноктук байланышты бекемдетүү аркылуу көмөктөшүү болчу.

2007 жыл -

Ысык-Көлдүн айлана-чөйрөсүнө желим таштандынын зыяндуу таасирин азайтууга багытталган "Бактар жана Желим" долбоору ишке кирип, аймактын көптөгөн райондорунда желимди топтоо бонча акциялар өткөрүлдү. Долбоордун катышуучулары Компаньондон пресс-станокторду жана желимди кайра иштетүү үчүн жардам алышты. Облустун аймагы 200 тоннадан ашык желимден тазаланды.

2009 жыл -

Айыл-чарба таштандысын башкаруу жана өлкөдө багбанчылыкты өнүктүрүүнү көздөгөн "Экология жана бактар" долбоору ишке кирди. Долбоордун алкагында Ысык-Көлдүн бардык райондорунан 30 жамаат жана Нарын облусунун Кочкор району курчалды. Долбоорго катышкан 3000 адам бактарга кам көрүү боюнча сезондук агротехниканы өздөштүрүп, айыл-чарба таштандысын туура башкаруунун керектигине ынанышты. Жамааттардын тургундары жер семирткич даярдоодо органикалык өнүмдөрдү колдонуунун маанилүүлүгүн аңдап билишти.

2010 жыл -

Жамааттарга колдоо көрсөтүү үчүн агрономия жана ветеринария боюнча жогорку адистиги бар 32 адистен турган техникалык бөлүм түзүлдү. Ошондой эле бул жылы "Жайыттарды башкаруу" жана "Эко Сан" же башкача айтканда кургак даараткана демилгелери ишке киргизилди.

2013 жыл -

«Экобакча" жана "Мал чарбачылыгын башкаруу" демилгелери көтөрүлүп, анын алкагында калкка органикалык жер семирткичтерди колдонуу боюнча активдүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми алыскы жогорку тоолуу жамааттарда өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөнү көздөгөн "Чемодандагы бак" жана "Күнөскана" долбоорлору ишке киргизилди.

2014 жыл -

"Эстүү инвестиция жана акылдуу акча топтоо" долбоору. Компаньон Банкы жыл сайын "эстүү инвестиция" жана "акылдуу акча топтоо" мисалдары менен айыл тургундары үчүн материалдар топтомун чыгарып келет. Бул мааниде "Букаларды интенсивдүү багуу" жана "Малды жараксыздоо" пакеттери иштелип чыккан. Материалдар жайытка болгон таасирди азайтуу, уруктук мал чарбачылыкты өнүктүрүү жана калктын кирешесин көбөйтүүгө багытталган.

2015 жыл -

Калкты сүт берүүчү уйларды туура багуу жана жайыттарды майнаптуу колдонууга үйрөтүү үчүн "Асыл мал" долбоору ишин баштады. Бул максатта Компаньон "Жайыттарды жана үй бүлө жаныбарларын башкаруу" тренингин иштеп чыгып, өлкөнүн алыскы жамааттарын окутууну баштады. Ошондой эле долбоордун алкагында Банк жеңилдетилген кредитти иштеп чыгып, ишке ашырган

2016 жыл -

Компаньон Банкы банк уруксаттамасына ээ болду. Андан тышкары "Беккари" утилизациялоо чуңкурлары" долбоорунун алкагында Компаньон Банкы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы эки жамаатка Беккари чуңкурларын курууга жардам берди. Долбоорду ишке ашыруу мал өлүгүн жана мал чарба таштандысын биотермикалык жугушсуздандыруу аркылуу туура утилизациялап, жугуштуулукту азайтып жана жайыттардын сакталуусуна салым кошту

2017 жыл -

"Жайыттарды желимден коргоо" долбоору. Компаньон Банкы "Жайыттарды желим таштандысынан коргоо" тренингин өткөрүп, жайыттарды желимден тазалоо боюнча бир нече эко-акцияларды өткөрдү.

2018 жыл -

Компаньон Банкы калк үчүн каржылык сабаттуулук боюнча уюштурулган окутууларга катышып келет.

2020 жыл -

Каржылык сабаттуулук боюнча калктын түрдүү катмарларын, анын ичинде мигранттардын үй-бүлөлөрү, мигранттар, студенттер, окуучулар жана башкаларды үйрөтүү боюнча окутуу модулдары иштелип келет. Жыл сайын Компаньон Банкы 10 000ден ашуун адамга 1 000ден ашуун окутууларды өткөрүүдө.

2023 жыл -

Каржылык сабаттуулук боюнча калктын түрдүү катмарларын, анын ичинде мигранттардын үй-бүлөлөрү, мигранттар, студенттер, окуучулар жана башкаларды үйрөтүү боюнча окутуу модулдары иштелип келет. Жыл сайын Компаньон Банкы 10 000ден ашуун адамга 1 000ден ашуун окутууларды өткөрүүдө.

2023 жыл -

Каржылык сабаттуулук боюнча калктын түрдүү катмарларын, анын ичинде мигранттардын үй-бүлөлөрү, мигранттар, студенттер, окуучулар жана башкаларды үйрөтүү боюнча окутуу модулдары иштелип келет. Жыл сайын Компаньон Банкы 10 000ден ашуун адамга 1 000ден ашуун окутууларды өткөрүүдө.

Банктын жетишкендиктери

Компаньон Банкы – “Чексиз” версиясы боюнча мыкты иш берүүчү

Компаньон Банкы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн (ДМЧА) зарыл шарттарды жана инфраструктураны түзгөн мыкты компания наамына арзыды, ошондой эле “ЧЕКСИЗ” биринчилигинде “Аймактын мыкты иш берүүчүсү” катары таанылды.

Компаньон Банкы Банктык Баалуулуктардын Глобалдык альянсынын (GABV) мүчөсү

Компаньон Банкы – Банктык баалуулуктардын глобалдык альянсына (GABV) мүчө болгон Кыргыз Республикасындагы жалгыз каржы институту.

QR код менен төлөмдөрдү илгерилетүү боюнча жылдын банкы

Компаньон Банкы 2021-жылы Банктар аралык процессинг борборунан “QR Code аркылуу төлөмдөрдү илгерилетүү боюнча жылдын банкы” номинациясында сыйлык алды.

Микрокаржы чөйрөсүндөгү жетишкендиктер үчүн европалык сыйлык

2014-жылдын ноябрында Компаньон микрокаржы чөйрөсүндөгү жетишкендиктер үчүн Европалык сыйлыкты жеңип алган Борбордук Азиядагы биринчи уюм болду. Сыйлык мыкты практикаларды илгерилетүү максатында инновациялык идеялары үчүн каржы институттарга ыйгарылат.

Кардарлады коргоо принциптери

Компаньон биринчи жолу Smart Campaign Тактыктамасын 2014 жылы алып, Кыргызстанда кардарларды коргоо негиздерин сактаган биринчи уюм болгон.

«Α-» рейтинги

2014-жылдын апрелинде M-CRIL эл аралык рейтингдик агенттиги Компаньонго «α-» жогору институционалдык рейтингин берип, компанияны стабилдүү жана каржы жактан туруктуу, кардарлар менен узак мөөнөттүү мамилелерге багытталган уюм деп эсептеди. 

QR код менен төлөмдөрдү илгерилетүү боюнча жылдын банкы

2024 жылы Компаньон Банкы "Элкарт контактсыз карталарынын эмиссиясы боюнча жылдын Банкы" деп табылды.