kompanion-logo

    • Жеке кардарлар үчүн
  • Төлөм терминалдары

Төлөм терминалдары

Жакынкы терминал аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүңүз

Компаньон Банкынын терминалдары

Компаньон Банктын автоматташтырылган төлөм терминалдары (АТТ) эсептешүү эсептерин толуктоо жана үчүнчү жактардын пайдасына төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Кардарлар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү үчүн төлөм терминалдары Банктын кеңселеринде жайгаштырылган.

Жеткиликтүү төлөм кызмат түрлөрү

  • Банктык эсепти толуктоо (кредитти төлөө)
  • Коммуналдык кызматтар үчүн төлөө
  • Мобилдик байланыш балансын толуктоо
  • Кабелдик/санарип ТВ үчүн төлөө
  • Мобилдик тиркеме эсебин толуктоо жана башкалар.

Төлөм кызматтарын камсыздоо тартиби

АТТ кызматтарын пайдалануу үчүн, АТТ аркылуу акча каражаттарын кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн  Айкын Офертаны  окуп чыгуу керек жана керектүү кызматты тандап, эсеп номерин жазып, акча каражаттарын акча кабыл алуу жабдуусуна салуу керек.

  • Төлөмдөр бир гана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында кабыл алынат. 
  • Бир жолку төлөм 15 000 сомду ашпашы керек. Бирок транзакция саны чектелген эмес.
  • Эсептерди толуктоонун жана кредит төлөөнүн суткалык ченеми 55 000 сом.
  • Жумуш күндөрү 16.00 чейин жүргүзүлгөн толуктоолор жана кредит төлөмдөрү ошол банктык күнү эсептелет. Жумуш күндөрү 16.00 кийин жүргүзүлгөн толуктоолор жана кредит төлөмдөрү кийинки банктык күнү эсептелет. 
  • Үчүнчү жактардын пайдасы үчүн төлөмдөр (мобилдик байланыш кызматтары, интернет-провайдерлер, кабелдик/санарип ТВ, коммуналдык төлөмдөр ж.б.) дароо эсепке тушөт.

Кайрылуу калтыруу