kompanion-logo

    • Жеке кардарлар үчүн
    • Карталар
  • Visa Gold картасы

Visa Gold картасы

Visа эл аралык төлөм системасынын дебет картасы
button-textbutton-text

Visa Gold – Visа эл аралык төлөм системасынын дебет картасы, ал ээсинин макамын белгилеп, бүткүл дүйнө боюнча артыкчылыктарды берет. Карта жеке жактарга, ошондой эле маяналуу долбоорлордун кызматкерлерине арналган. Картага Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместер да буйрутма бере алат.


Валюта Visa Gold: КРнын резиденттери үчүн KGS, USD. Резидент эместер үчүн KGS Картанын жарактуулук мөөнөтү: 5 жыл (энчилүү), 3 жыл (энчилүү эмес) Жылдык тейлөө: биринчи жыл акысыз, андан ары жылына 200 сом.

  • Visa Gold картасын акысыз ачуу 

  • Картаны (моменталдуу, энчилүү эмес карта) Компаньон Банкынын каалаган кеңсесинде 5 мүнөттүн ичинде алуу.
  • КРнын каалаган банкоматтарынан Visa Gold картасынан комиссиясыз накталоо (Акция 2024-ж. 30-июнуна чейин).
  • Россиядан Visa Gold картасына пайдалуу курстар менен акча которууларды алуу. 

Минималдуу калдык: талап кылынбайт

Картаны чыгаруу: КРнын резиденттерине акысыз  

Картаны кайра чыгаруу: мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу КР резиденттери үчүн — акысыз, жоголгондугуна байланыштуу — 300 сом. 

Картаны чыгаруу мөөнөтү: 

  • Ошол замат, энчилүү эмес — Компаньон Банкынын каалаган кеңселеринде 5 мүнөттүн ичинде берилет. КРнын резиденттери үчүн гана**. 

  • Энчилүү — Бишкек шаары боюнча 5 иш күнүнө чейин, аймактар боюнча 7-10 иш күнүндө. 

*КРнын резидент эмес жарандары үчүн карталардан нак акча алуу Банктын тарифтерие ылайык. 

**КРнын резидент эмес жарандары үчүн энчилүү гана карталар чыгарылат


Картаны алуу үчүн талап кылынуучу документтер:

  • Картаны чыгарууга жана эсеп ачууга тапшырык жана анкета 

  • Аралыктан банктык тейлөө системасын кошууга тапшырык 

  • Өздүгүн тастыктоочу документ 

Резидент эместер үчүн кошумча: чет өлкөлүк жарандын Кыргызстанда болууга (жашоого) укугун тастыктаган документ: жашап турууга уруксат, убактылуу жашап турууга уруксат же виза.