kompanion-logo

    • Жеке кардарлар үчүн
    • Депозиттер
  • «Мөөнөттүү» онлайн-депозит

«Мөөнөттүү» онлайн-депозит

Чогулткан акчаңыздан максималдуу киреше табыңыз!
button-textbutton-text

«Мөөнөттүү» онлайн-депозити акчасын коопсуз жайда сактоону жана андан максималдуу киреше табууну каалагандар үчүн. Депозитти дароо эле «Компаньон» тиркемесинде ачууга болот.

Банк депозитиңиздин коопсуздугуна кепилдик берет. Бардык депозиттер Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан камсыздандырылган.

Валюта: KGS, USD

Мөөнөтү: 36 айга чейин
Минималдуу баштапкы сумма: 1 000 сом; 50 АКШ доллары
Максималдуу баштапкы сумма: 20 000 000 сом; 250 000 АКШ доллары
Толуктоо мүмкүнчүлүгү: каралган эмес
Пайыздарды төлөө: ар үч айда келишимге кол коюлган күнгө дал келген күндөрү банктык эсепке которулуп турат.
Негизги сумманы жарым-жартылай чечип алуу: каралган эмес

ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕРДИН ШКАЛАСЫ

Валютасы
3 ай
6 ай
9 ай
12 ай
18 ай
2 жыл
3 жыл
Сом
5%
9,5%
11,5%
13%
13%
14%
14%
АКШ доллары

0.5%
0.5%
2%
2.25%
2.5%
2.5%


Эффективдүү пайыздык чен сом менен 14,92%га чейин.
Эффективдүү пайыздык чен доллар менен  2.53%га чейин.

«Компаньон Банкы» ЖАКсы депозиттердин суммасына жана мөөнөтүнө жараша жекече пайыздык чендерди бекитүү укугун өзүнө калтырат.


Депозиттин мөөнөтүн кантип узартса болот?
Келишим боюнча автоматтык түрдө узартуу каралган эмес. Эгер депозиттин ээси келишимди узартууну кааласа депозитти чечүүдөн 3 күн мурун Банкка кабар берип, келишимдин жаңы шарттарын макулдашуусу зарыл. Депозит чечиле турган күнү депозиттин ээси келбей, депозитке коюлган сумманы чечүүнү талап кылбаган учурда Банк ошол эле күнү депозиттин ээсинин эсебине депоиттин жана чегерилген пайыздардын суммасын которот. *Пайыздарды капитализациялоо – депозиттин чегерилген пайыздардын суммасына көбөйүшү. Чегерилген пайыздар ар үч айда келишимге кол коюлган күнгө дал келген күндөрү кошулуп турат.

«КОМПАНЬОН БАНКЫ» ЖЧК КАРДАРЛАРЫНЫН ДЕПОЗИТТЕРИ МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН КОРГОЛОТ

Компаньон Банкы – 2016-жылынан тарта Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу. КРдин Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» КРдин Мыйзамына ылайык, ар бир депозит ээсине акча каражаттарын кайтарып берүүгө кепилдик берет. Башкача айтканда кепилдик учур келгенде депозит ээлерине 1 млн сом компенсация, анын ичинде депозиттер боюнча пайыздар төлөнөт.

Компаньон Банкына өз үнөмдөлгөн акчаңызды салганда, акча каражаттарыңыздын толук сакталышына жана көбөйүшүнө ишенсеңиз болот.