- Мобилдик тиркеме
- Кредиттер
Онлайн кредит
кредитти үйдөн чыкпастан эле «Компаньон» тиркемесинен алып, товар жана кызматтарга төлөм жүргүзүңүз

Эми кредит алуу үчүн банк кеңселерине келүүнүн кажети жок. «Компаньон» тиркемесин жүктөп алып, акчаны алыңыз.
Кредиттин суммасы: 5 миңден 200 миң сомго чейин.
«Компаньон» уюлдук тиркемеси аркылуу алыстан идентификациялоодон өткөн кардарлар үчүн 15 миң сомго чейинки каражат жеткиликтүү.
Банк кеңселиринен толук идентификациялоодон өткөн «Компаньон» тиркемесинин колдонуучулары үчүн 200 миң сомго чейинки каражат жеткиликтүү.
Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин.
Номиналдык жылдык пайыздык чен: 26,99%.
Жылдык эффективдүү пайыздык чен: 31,05% дан башталат.
Күрөө жана кепилдик талап кылынбайт.
Кредиттик келишимге кол коюлгандан кийин акча каржаттары төмөнкү убактан кийин чегерилет:
- 5 000 сомдон 50 000 сомго чейин — заматта
- 50 001 сомдон 100 000 сомго чейин — 4 саат
- 100 001 сомдон жогору — 12 саат.
Бул убакыттын ичинде Банк расмий номерден сизге чалуу жүргүзүп, тапшырыкты чын эле сиз жибергендигиңизди тактайт. Бул кадам кардарды шылуундардан сактоо максатында жасалат. Эгерде Банк тастыктоо албаса, анда эсепке акча чегерилбейт.
Кредитти ким ала алат?
18 жаштан 68 жашка чейинки жеке адамдар жана жеке ишкерлер:
- Кыргызстандын паспорту менен
- Жалданып иштегендер же расмий айлык акы алгандар ( маяна тууралуу маалымат Банк тарабынан КРнын Социалдык фондунан текшерилет) же\жана бизнес менен алектенген жеке ишкерлер.

