kompanion-logo

    • Мобилдик тиркеме
  • Акча которуулар

Pay Porter

“Компаньон” тиркемеси аркылуу Түркияга акча которууларды жөнөтүү

Pay Porter өнөктөшү аркылуу “Компаньон” тиркемесинде Түркияга акча которууларды жөнөтүңүз.

Акча которууларды күнү-түнү аткарууга болот – дем алышсыз жана кезек күтүүсүз.

Которууларды IBAN эсебине же банктын картасынын номери боюнча жөнөтүүгө болот.

IBAN эсебине которууну жөнөтүү

·        “Компаньон” тиркемесин ачып, “Эл аралык которуулар” бөлүмүнө өтүңүз жана “Түркияга акча которуулар” кызматын тандаңыз.

·        Которуунун түрүн тандаңыз – IBAN эсебине жана алуучу тууралуу маалымат бериңиз: эсептин номери, алуучунун аты-жөнү (латын тамгалары менен), шаар жана жарандык.

·        Которуунун суммасын жазып, “Улантуу” баскычын басыңыз жана которууну тастыктаңыз.

Операция ийгиликтүү аткарылгандан кийин экранда тастыктоочу маалымат жана которуу тууралуу дүмүрчөк пайда болот.

Картанын номери боюнча которууну жөнөтүү

·        “Компаньон” тиркемесин ачып, “Эл аралык которуулар” бөлүмүнө өтүңүз жана “Түркияга акча которуулар” кызматын тандаңыз.

·        Которуунун түрүн тандаңыз – картанын номери боюнча жана алуучу тууралуу маалымат бериңиз: банктын картасынын номери, алуучунун аты-жөнү (латын тамгалары менен), шаар жана жарандык.

·        Которуунун суммасын жазып, “Улантуу” баскычын басыңыз жана которууну тастыктаңыз.

Операция ийгиликтүү аткарылгандан киийн экранда тастыктоочу маалымат жана которуу тууралуу дүмүрчөк пайда болот.

Көңүл буруңуз:

·        Которууну тастыктоонун алдында жазылган маалыматтын тууралыгын текшериңиз. Ката маалымат берилген учурда которуу четке кагылышы мүмкүн, бирок комиссия артка кайтарылбайт.

·        Түркияга акча которууну жөнөтүү мобилдик тиркеменин акыркы версиясын колдонгондор үчүн жеткиликтүү – iOS үчүн 5.19.2 версиясы жана Android үчүн 3.3.3 версиясы.

·        Которуу үчүн комиссия 150 сомду түзөт жана которуунун суммасына көз каранды эмес.

Суроолор пайда болгон учурда Банктын кеңселерине жана 88 00 номери аркылуу кайрылууга болот. Чалуу акысыз.

mobile

Сиздин Компаньон.

Сиздин мобилдик банк.

Бардык банктык кызматтар бир тиркемеде!