- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- КОМПАНЬОН БАНКЫНАН ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ
Банк жаңылыктары
КОМПАНЬОН БАНКЫНАН ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ
Компаньон Банкы интернет-банкинг кызматын баштады. Эми сиздин дистанциялык банктык тейлөө боюнча ыңгайлуу, жөнөкөй жана коопсуз ыкмаңыз бар.
Ыңгайлуу.Интернет-банкинг кардарларга өзүлөрүнүн эсептерин ар дайым башкаруу жана негизги банктык операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет:
- Жүргүзүлгөн банктык төлөмдөр жөнүндө маалымат алуу;
- Насыя карызын төлөө;
- Акча каражаттарын өзүнүн эсептери арасында жана банктын кардарларынын эсептерине акысыз которуу;
- Акча каражаттарын клиринг жана гросс боюнча которуу;
- Валюта алмаштыруу.
Жөнөкөй.Бул кызматты колдонуу үчүн Компаньон Банкында эсептин бар болушу жетиштүү, жана Банктын сайтында жайгаштырылган интернет-банкингди кошуу жана тейлөө боюнча колдонуучу үчүн инструкцияларды жана тарифтерди окуп чыгуу керек:физикалык жактар үчүн,юридикалык жактар үчүн.
Коопсуз.Эки фактордук аутентификациялоо системага уруксатсыз кирүү рискин минимумга азайтат. Жеке жактар үчүн СМС-билдирүү аркылуу бир жолу колдонулуучу паролду алуу мүмкүнүлүгү каралган. Юридикалык жактар үчүн бир жолу колдонулуучу паролдор атайын белгиленген ОТР-токендери менен жаралат.
Бөлүшүү