Интернет-банкинг
Компаньон Банкынын Интернет-банкинги - бул дистанциялык банктык тейлөөнүн коопсуз жана ылайыктуу ыкмасы. Интернет-банкинг Интернет аркылуу суткасына 24 саат реалдуу убакыт режиминде, жумасына 7 күн. Жеке кабинетке кирүү үчүн логин жана паролду киргизиш керек. Компаньон Банкы өзүнүн кардарларына интернет-банкингди колдонуунун 2 опциясын сунуштайт: карап көрүү режими жана толук режим.
Карап көрүү режими кардарларга маалымат алууга жана төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет:
- эсеп боюнча акча каражаттарынын калдыгы жана кыймылы тууралуу маалымат алуу;
- аманат эсебинин абалын мониторинг кылуу;
- кредиттик эсептерин мониторинг кылуу жана карыз боюнча маалыматты карап көрүү;
- эсеп боюнча көчүрмө алуу;
- валютанын курсун карап көрүү;
- кредиттик жана аманаттык калькуляторлорду колдонуу;
- активдерди жана милдеттенмелерди карап чыгуу.
Толук режим кардарларга эсепти дистанциялык башкаруу жана карап көрүү режиминдеги опциялардан башка төмөнкү операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет:
- аманатты VISA/Элкарт эсептешүү же карт эсебинден толуктоо;
- үч мобилдик номерди, эл аралык (Россия, Казахстан) номерлерди дагы байлоо мүмкүнчүлүгү;
- Компаньон Банкынан Элкарт карттарын эсептешүү эсебинден же VISA карт эсебинден онлайн толуктоо;
- өзүнүн жана үчүнчү жактардын эсебине банк ичиндеги акча которуулар;
- чет элдик валютаны сатып алуу/сатуу;
- Гросс жана Клиринг системалары боюнча төлөм жүргүзүү;
- SWIFT эл аралык система боюнча төлөм жүргүзүү;
- эсеп боюнча акча каражаттарынын калдыгы жана кыймылы тууралуу маалымат алуу.
Бул кызматты кошуу үчүн Сизге төмөнкүлөр керек:
- «Компаньон Банкы» ЖАК эсеби;
- жеке жактар үчүн (жалпы жарыя-сунуш) дистанциялык банкингди туташтыруу коомдук офертаны сөзсүз кабыл алуу менен окуп чыгуу;
- пароль конвертин алуу.
Системага кирүүдө коопсуздукту сактоо үчүн интернет-банкингди колдонуу үчүн жазылган өтүнүч катында көрсөтүлгөн мобилдик номерге акысыз жөнөтүлүүчү, бир жолку КБК-паролун киргизүү керек. Кыргыз Республикасынын чегинен чыкканда КБК-паролун алуу үчүн роуминг кызматы болушу керек, же болбосо Банктын бекитилген тарифтери боюнча OTP-token'ди сатып алуу керек.
Техникалык талаптар:
- Internet Explorer 11 жана жогору браузери же башка заманбап браузерлер;
- кошулган Cookie;
- кошулган Javascript.
Интернет-банкинг кызматын коопсуз колдонуу үчүн жеке маалыматтарды (колдонуучунун аты, пароль, ПИН-код) үчүнчү жактарга бербөөнү, колдонуучу маалыматты сураган каттарга жооп бербөөнү жана тез-тез жеке маалыматтарды өзгөртүүнү кеңеш беребиз. «Компаньон Банкы» ЖАК эч качан бул маалыматты сурабайт.
«Компаньон Банкы» ЖАК «Интернет-банкинг» системасынын колдонуучусу үчүн нускама
Жеке жактар үчүн интернет-банкингди кошуу жана тейлөө боюнча тарифтер
Интернет-банкингди жакшыртуу боюнча сиздердин сунуш-пикирлерге кубанычта болобуз: banking_ukdbu@kompanion.kg