Банк тууралуу

Акционерлер

Мерсико

 "Компаньондун" жападан жалгыз уюштуруучусу жана ээси болуп саналат. Адамдардагы теңсиздикти жеңе ала турган мүмкүнчүлүктөрүн ойготуу максатында, Мерсико тымызын кырсыктар, тирешүүлөр, көнүмүш жакырчылык жана туруксуздук болгон жерлерде иш алып барат. 1979-жылдан тарта өзүнүн АКШ жана Европадагы штаб-квартирасынын колдоосу астында, Мерсико дүйнөнүн 108 өлкөсүндөгү адамдарга жардам иретинде 1,7 миллиард АКШ доллары көлөмүндөгү каражаттарды жумшады. Ушу тапта Мерсико 35 өлкөдөгү, болжол менен, 16,4 миллион адамга жардам көрсөтүү менен, бүткүл дүйнө боюнча 3500дөн ашуун кызматкердин башын кошуп турат.

Мерсико коомчулугу тымызын кырсыктар, тирешүүлөр, көнүмүш жакырчылык жана туруксуздук, экономикалык башаламандык кесепеттери менен күрөшүп жаткан өлкөлөрдө иш алпарат. Мерсико өзү түзүлгөндөн берки тарыхында бардык турмуш кыйынчылыктарына карабай жаңычылдыкты, аргандай өзгөрүүлөргө чапчаң, тез ык алуусун көрсөтүп келет. Кайрымдуулук корпусу адамдарга ишенимдүү, өнүмдүү жана акыйкат коомду куруу аракетине колдоо көрсөтүү менен кыйынчылыктарды, жакырчылыкты жана кысымдарды жеңүүгө үндөйт.

Веб-сайт: www.mercycorps.org


Нидерланддык каржылык өнүгүү компаниясы (FMO)

FMO (Нидерланддык каржылык өнүгүү компаниясы) – голланддык өнүгүү банкы. FMO дымактуу ишкерлерге инвестиция берүү аркылуу базар экономикасы түзүлүп жаткан өлкөлөрдө жеке сектордун туруктуу өнүгүүсүн колдойт.

FMO күчтүү жеке сектордун болгондугу экономикалык жана социалдык өнүгүүгө алып келгенине ишенет, бул элдерге өз ыкмаларын пайдаланып жана өз жашоо деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. FMO өнүгүүгө катуу таасир калтырган төмөнкү үч секторлорго биринчи иретте көңүл бурат: каржылык институттар, энергетика, ошондой эле агробизнес, азык-түлүк жана суу. FMOнун инвестициялык портфели 6,6 миллиард евро түзөт, андыктан компания жеке сектордун ири европалык эки тараптуу өнүгүү банктардын бири болуп саналат.

Веб-сайт: www.fmo.nl


Triodos Investment Management

Triodos Investment Management бүткүл дүйнөдө таанылган максаттуу социалдык инвестиция берүү боюнча чыгааны болуп эсептелет, ал тарабынан туруктуу өнүгүү чөйрөдөгү эң маанилүү жана актуалдуу көйгөйлөрдү жоюу үчүн туура инвестициялык чечимдер сунушталат. Фонд социалдык өзгөрүүлөргө 25 жылдан жогору инвестиция берип, энергетика, климат, инклюзивдик каржылоо, азык-түлүк тутумдар менен айыл чарбанын балансташкан өнүгүүсү, кыймылсыз мүлк базарлардын туруктуу өнүгүүсү, социалдык тараптан жооптуу капитал жана баалуу кагаздар сыяктуу чөйрөлөрдө эл аралык тажрыйбага ээ болгон. 2018-ж. 30-июнуна фонддун башкарылган активдери 4,2 млрд. евро түзгөн. Инклюзивдик каржылоо боюнча Triodos фонддору 45 өлкөдөгү 100дөн ашык каржылык институттарга акча каражаттарын берип турат. Алар 25 каржылык уюмдардагы катышуу үлүшүнө ээ болуп, алардын көзөмөлүнө жигердүү катышат.Triodos Investment Management фонду Triodos Банктын жүзпайыздык туунду компаниясы болуп саналат, банк өлкөдөгү социалдык тараптан жооптуу алдыңкы банктардын бири болуп саналат. 

Веб-сайт: www.triodos-im.com