Кредиттер

KyrSEFF бизнес-кредиттери

Компаньон Банкы энергоэффективдүү максаттар үчүн жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга багытталган, «Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо» KyrSEFF программасынын алкагында  кредиттин суммасынан 15%га чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү бар кредит сунуштайт.

Кредит төмөнкү максаттар үчүн берилет:

  1. Өнөр-жай жабдууларын орнотуу (өндүрүш линияларын жана жабдууларын  энергоэффективдүү жабдууларга алмаштыруу).
  2. Коммерциялык имараттарды модернизациялоо (имараттардын жылуулук сактоосун жакшыртуу –полдорду, дубалдарды, чатырды жылуулоо).
  3. Сплит-системасы бар кондиционерлерди орнотуу (“А+” жана андан жогорку класстагы).
  4. Абаны рекупирациялоочу желдетүү системасын орнотуу.
  5. Жылытуу жана салкындатуу системалары үчүн жылуулук насосторун орнотуу;
  6. Энергоэффективдүү терезелерди сатып алуу, лоджияларга жана балкондорго айнек тагуу.
  7. Энергоэффективдүү жарыктандырууну орнотуу( LED-лампалар).
  8. Сууну үнөмдөөчү технологиялар (тамчылатып сугаруу системалары, суу үчүн энергоэффективдүү насостор, бассейндер/суу чогултуучу идиштер).
  9. Ресурстарды үнөмдөөчү айыл чарба техникасы;
  10. Күн панелдерин орнотуу (күн коллекторлору, күн фотоэлектрикалык панелдери).
  11. Биогаз орнотмосу ж.б.
  12. Күнөсканаларды модернизациялоо (тамчылатып сугаруу системалары жана жылуулукту үнөмдөө).
  13. Электромобилдерди сатып алуу (такси паркы, микроавтобустар, маршруттук таксилер).
  14. Муздатуу жана тоңдуруу жабдууларын сатып алуу (“А+” жана андан жогорку класстагы.
  15. KyrSEFF программасына ылайык башка максаттар.

Ким кредитти ала алат:

  • 18 жаштан 68 жашка чейинки КРнын жарандары.
  • Патенттин негизинде бизнес жүргүзгөн жеке жактар.
  • Жеке ишкерлер.
  • Юридикалык жактар.

Кредиттин шарттары:

  • Cумма: 50 000 сомдон 8 500 000 сомго чейин.
  • Мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин.
  • Номиналдуу пайыздык чен сом менен жылына 19%дан башталат.
  • Натыйжалуу пайыздык чен сом менен жылына 20,91% дан башталат.
  • Күрөөсүз жана кепилдиксиз 100 000 сомго чейин: кредит алуу үчүн кайрылган күнгө карата акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар кардарлар үчүн.
  • Күрөөсүз жана кепилдиксиз 250 000 сомго чейин: кредит алуу үчүн кайрылган күнгө карата акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар "Компаньон Банкы" ЖАКтын кайталанган кардарлары үчүн.

"Компаньон Банкы" ЖАКтын депозиттик эсептеринде турган акча каражаттары менен камсыздалган кредиттер боюнча кредиттердин мөөнөтү 1 айдан башталып, депозиттин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.

Артыкчылыктар:

  • Кредитти төлөөнүн ийкемдүү графиги жана жеңилдетилген мезгил.
  • Учурдагы чыгымдарды кыскартуу (электр энергиясына төлөө, жылытуу ж.б.).
  • Бизнести модернизациялоо.
  • Акысыз техникалык жардам жана KyrSEFF программасынын экспертинин консультациясы.

15% га чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү. Грант энергоэффективдүү иш-чаралар ийгиликтүү ишке киргизилгенде төлөнөт. Гранттык төлөмдөрдүн өлчөмү KyrSEFF программасынын консультанты тарабынан энергоэффективдүү иш-чаралардын түрүнө жана энергияны үнөмдөөгө сарпталган каражаттардын суммасына жараша, максаттуу пайдалануу документтер менен тастыкталгандан кийин, ар бир учурда өзүнчө аныкталат. Грантты алуу тууралуу кененирээк маалымат.

Кредит алуу үчүн керектүү документтер:

  • Кредит алуу үчүн керектүү документтер:
  • Кредит алуучунун, кепилдин жана күрөө берүүчүнүн паспорту;
  • Кредитти төлөө булактарына карата кредит алуучунун жана кепилдердин кирешесин ырастаган документтер;
  • Күрөө мүлкүнүн документтери (керек учурда);
  • Банктын талабы боюнча кредиттин түрүнө байланыштуу башка документтер.

Толук маалыматты «Компаньон Банкы» ЖАКтын кеңселеринен жана Кардарларды колдоо кызматынан алса болот: (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 24.01.2024 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 01.02.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кардарлардын жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери  01.02.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кардарлардын жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери 10.08.2023 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн.

Өтүнмөнү толтуруу

Насыянын наркын эсептөө

мес.

Насыяны төлөө графиги

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген. Насыянын так эсептөөлөрүн насыя адистерибизден ала аласыз

Өтүнмөнү толтуруу