Жаңылыктар

БИШКЕК ШААРЫНДА ЖАНЫ 3 ОФИС АЧЫЛДЫ

19 4 2024

Компаньон Банкы өлкөнүн борбору Бишкек шаарында үч жаңы кеңсесинин ачылышы жөнүндө сыймыктануу менен жарыялайт. «Военторг», «Дордой моторс» жана «Шлагбаум» кеңселери Бишкек филиалынын сактык кассалары өз ишин баштады жана кардарларга төмөнкү график боюнча жеткиликтүү:

Кеңсе

Кеңсенин иш тартиби

Кассанын иш тартиби

 Дарек

СК “Военторг”

Пн-Пт: 09:00-17:30
Тыныгуу: 12:00-13:00

Пн-Пт: 09:00-17:00
Тыныгуу: 12:00-13:00

Бишкек ш, Киевский көч. 95A

СК “Дордой Моторс”

Пн-Пт: 08:30-17:30
Тыныгуу: 12:00-13:00

Пн-Пт: 08:30-16:30
Тыныгуу: 12:00-13:00

Бишкек ш., Дордой-Дыйкан базар, Дэн-Сяопина проспекти 302/1, Бокс-Парк , контейнер 3, 4

СК “Шлагбаум”

Пн-Пт: 09:00-18:00
Тыныгуу: 12:00-13:00

Пн-Пт: 09:00-17:00
Тыныгуу: 12:00-13:00

Бишкек ш., Ден-Сяопина көч, 10, кв 36

Бул кадам шаардын ар кайсы аймактарындагы кардарлар үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртат жана ыңгайлуураак тейлөө шарттарын камсыздайт.

Жаңы кеңселердин ачылышына токтолуп, Башкармалыктын мүчөсү Наталья Фефилова мындай деп жооп берди:

«Биз Бишкек шаарындагы кардарларыбызга үч жаңы сактык кассасын сунуштап жатканыбызга кубанычтабыз, бул биздин кардарларга дагы жакын болууга жана алардын муктаждыктарына жооп берген жогорку сапаттагы банктык кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк бере турган тейлөө пункттары, бул биздин кардарлар үчүн мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана ыңгайлуу болууга болгон каалообузду тастыктайт».

Компаньон Банкы өз кардарларына тейлөөнү жакшыртууга жана Кыргызстандын каржы рыногундагы таасирин кеңейтүүгө умтулуп, филиалдык тармагын өнүктүрүүнү улантууда.

Бардык жаңылыктар