Жаңылыктар

Компаньон Банкында жеке жана юридикалык жактар үчүн доллар менен «Мөөнөттүү» депозиттери боюнча пайыздык чендерди көбөйтүү

17 10 2018

Компаньон Банкы жеке жана юридикалык жактар үчүн доллар менен «Мөөнөттүү» депозиттери боюнча пайыздык чендердин көбөйтүлгөндүгү тууралуу маалымдайт.

Эми, «Мөөнөттүү» депозиттерине каражаттарын салуу менен, жеке жактар жылына *5%га чейин АКШ доллары мененкепилденгенкошумчакиреше ала алышат.Аманаттын минималдуу суммасы болгону 50 АКШ доллары. Пайыздарды төлөө ай сайын жүргүзүлөт.

Юридикалык жактар жана ЖИ жылына*5%га чейин АКШ доллары менен максималдуу киреше ала алышат. Аманаттын минималдуу суммасы 500 АКШ долларын түзөт. Пайыздарды төлөө ай сайын жүргүзүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн шарттар 2018-жылдын 22-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыйла ыңгайлуураак болсун үчүн Компаньон Банкы интернет-банкинг кызматын сунуштайт, анын жардамы менен өздүк депозиттик эсепти аралыктан көзөмөлдөп турууга болот.       

«Мөөнөттүү» депозитин банктын каалаган бөлүмүндө ачууга болот.

Толук маалыматконтакт-борбордун 0 (312) 33-88-00, 88 00 номерлери боюнча жеткиликтүү (КР мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).  

Эсиңиздерге сала кетебиз, Компаньон Банкы Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин мүчөсү болуп саналат,бул банк аманаттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголушуна кепилдик берүүгө өбөлгө түзөт. 

* Доллар менен натыйжалуу пайыздык чен 5,11%га чейин

Бардык жаңылыктар