Жаңылыктар

Кыргызстанда 16-Алма фестивалы өтөт

22 9 2023

Кыргызстанда 16-Алма фестивалы 2023-жылдын 24-сентябрында Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында өткөрүлөт.

Фестиваль Компаньон Банкы тарабынан 2006-жылдан тартып Кыргызстандын ар кыл аймактарында өткөрүлүп келет жана андан бери эӊ жакшы салтка айланды жана ата мекендик багбандар үчүн натыйжалуу экономикалык аянтча болуп калды.

Иш-чаранын негизги максаты – багбанчылыкты өнүктүрүү жана кардарлар менен агроөнүмдөрдү сатуучулар ортосундагы рыноктук алакаларды чыӊдоо.  

  • Күнү 2023-жыл 24 сентябрь
  • Убактысы: 10:00 -15:00
  • Орду: Акимчиликтин жанындагы аянт
  • Катышуунын баасы: акысыз

Фестиваль өлкөнүн бардык аймактарынын багбандарын чогултат. Иш-чарада алар өздөрүнүн жетишкендиктерин көрсөтө алат, тажрыйба бөлүшөт, потенциалдуу сатып алуучулар менен келишимдерди түзөт жана Компаньон Банкынын агрономия боюнча адистеринен акысыз негизде кеӊештерди алышат.

Фестивалга бардык каалоочулар катыша алат. Коноктор менен катышуучуларды абдан кызыктуу программалар күтөт:

  • Айыл чарба өнүмдөрүнүн жарманкеси
  • Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторун көрсөтүү
  • Агрономия жана органикалык айыл чарбасы боюнча кеӊеш берүү
  • Жергиликтүү таланттардын катышуусундагы музыкалык-көӊүл ачуу программасы
  • Кароо-сынактар
  • Компаньон Банктын финансылык кызматтары боюнча кеӊеш берүү
  • Товарлар менен кызматтарды бөлүп төлөөгө алуу үчүн аянтча
  • Фотозона

Кошумча маалымат алуу үчүн фестивалдын уюштуруучуларына ушул телефон номерлери аркылуу кайрылууну өтүнөбүз:

ЖМК аккредитациялоо Банктын PR-кызматы аркылуу жүргүзүлөт. Тел: +996 555 08 50 14, e-mail: marketing@kompanion.kg.

Бардык жаңылыктар