Жаңылыктар

«КОМПАНЬОН» МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИ МИЛЛИОН ЖОЛУ ЖҮКТӨЛҮП АЛЫНДЫ

26 1 2024

PlayMarket’те “Компаньон” мобилдик тиркемесин жүктөп алуулардын саны өтө чоң чектен – 1 миллиондон – ашты! Бул маанилүү жетишкендик пайдалануучулар арасында колдонмо уникалдуу жана керектүү экенин тастыктайт.

“Компаньон” мобилдик тиркемеси – 500дөн ашык банктык жана каржылык кызматтарды бириктирген, ыңгайлуу жана көп функциялуу платформа болуп саналат. Интерфейстин мааниси түшүнүктүү жана ишенимдүүлүгүнүн деңгээли өтө жогору болгону анын артыкчылыктары болуп саналат жана алар аны каржыны башкаруу боюнча алмаштыргыс куралга айландырат.

Тиркеменин жардамы менен аны пайдалануучулар өлкө ичиндеги акча которуулар, эл аралык транзакциялар, депозиттерди ачуу, онлайн кредиттерди алуу, коммуналдык, мамлекеттик кызматтарды, айып төлөмдөрүн төлөө жана башка ушул сыяктуу ар кандай каржылык операцияларды коопсуз жана ыңгайлуу түрдө жүргүзө алышат.  Мунун баары “Компаньон” мобилдик тиркемесинин көптөгөн адамдардын каржылык жашоосунда эң маанилүү өнөктөш катары кызмат кылуусун камсыздайт.

Андан сырткары, “Компаньон” мобилдик колдонмосу, kaktus.media редакциясынын версиясы боюнча, Google Play жана AppStore дүкөндөрүнүн колдонуучуларынын баалосу боюнча экинчи орундагы эң ыңгайлуу жана ишенимдүү колдонмолорго кирген. 

Компаньон Банкынын жамааты бардык колдонуучуларга банкка ишеним жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Биз тиркемени өркүндөтүүнү жана, каржылык технология дүйнөсүндөгү колдонуучулардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн, жаңы инновациялык чечимдерди сунуштоону улантууну убада кылабыз.

Бардык жаңылыктар