Жаңылыктар

ЭЛКАРТ КОНТАКТСЫЗ КАРТАЛАРДЫН ЭМИССИЯСЫ БОЮНЧА ЖЫЛДЫН БАНКЫ

27 1 2024

Банк Компаньон "Элкарт контактсыз карталарынын эмиссиясы боюнча жылдын Банкы" деп табылды.


Компаньон Банк “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК (БПБ) тарабынан "Элкарт контактсыз карталарынын эмиссиясы боюнча жылдын Банкы" сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи ЭЛКАРТ Улуттук төлөм системасынын 2023-жылдагы иштеринин жыйынтыгын чыгаруунун алкагында болуп өттү.

Бул иш-чара жыл сайын КРУБ, коммерциялык банктардын, эл аралык төлөм системаларынын, өнөктөштөрдүн жана биздин өлкөнүн финансы секторунун башка катышуучуларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.

Белгилей кетсек, Компаньон Банкы 2023-жылдын ичинде 120 миӊдин тегерегиндеги ЭЛКАРТ карталарын ийгиликтүү саткан. Бул сыйлык заманбап банк кызматтарын өнүктүрүүгө жана биздин кардарлардын муктаждыгын камсыз кылууга карата Банктын үзгүлтүксүз күч-аракет чагылдырат.

"Контаксыз төлөмдөрдү өнүктүрүүдөгү биздин күч-аракеттерди баалаганы үчүн "БПБ" ЖАКка ыраазыбыз. Бул сыйлыкты алуу, биздин сапатка жана инновацияларга умтулуубузду тастыктайт. Бизде быйыл дагы дымактуу пландар коюлган жана иштин ыргагын басаӊдатууну ойлогон жокпуз. Биздин команда ийгиликке жетүү жана биздин пландарды жүзөгө ашыруу үчүн толук кубаттуулукта иштөөгө даяр” – деп Компаньон Банктын Банк карталар башкармалыгынын жетекчиси Айжан Абдыбакирова ой бөлүштү. 

Бул сыйлык БПБ тарабынан Компаньон Банкты бир катар татыктуу баалоолорду улантууда. Өткөн жылы банк "Өз ара аракеттенүү операторуна” кошулган биринчи банк" катары белгиленген – бул анын финансылык институт катары туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн көрсөткөн.

Бардык жаңылыктар