Жаңылыктар

“КОМПАНЬОН” ТИРКЕМЕСИНЕН 5 МҮНӨТТӨ ОНЛАЙН-КРЕДИТ АЛУУ

15 2 2024

Кыялдарыңызды кийинкиге калтырбай, дароо ишке ашырууга даярданыңыз! Аны аткарууга “Компаньон” мобилдик колдонмосу аркылуу онлайн кредит алуу жардам берет. 200 000 сомго чейинки суммадагы кредитти 5 мүнөттө алууга болот.

“Компаньон” мобилдик колдонмосунда аралыктан идентификациядан өткөн колдонуучулар 15 000 сомго чейин кредит ала алышат. Ал эми Банктын бөлүмдөрүнүн биринде толук идентификациядан өткөн “Компаньон” мобилдик колдонмосунун колдонуучулары Банктан кайталап кредит алган кардарлар - 200 000 сомго чейин жана Банктын жаңы кардарлары - 100 000 сомго чейин кредиттерди ала алышат.

Үйдөн чыкпай туруп, кредит алуу үчүн, төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:

 

  • “Компаньон” мобилдик колдонмосун Google Play же AppStore дүкөндөрүнөн акысыз жүктөп алыңыз;
  • төмөнкү шилтеме боюнча катталуудан жана идентификациядан өтүңүз:
  • колдонмону ачып, башкы баракчадан «Кредиттер» >  «Кредит алуу» дегенди тандаңыз
  • кредит алуунун шарттары менен таанышып чыгыңыз
  • идентификациялоо процессинен өтүңүз
  • керектүү сумманы жана кредиттин мөөнөтүн тандаңыз
  • система тарабынан суралган жеке маалыматтарды толтуруңуз
  • тез карап чыгуу аяктаганча күтө туруңуз - 1 мүнөткө чейин. Билдирмелер 24/7 бою каралат
  • кредиттик келишимди окуп чыгып, кол коюңуз

Кредит бекитилгенден кийин, “Компаньон” колдонмосунун балансына чегерилет.

Кредитти “Компаньон” мобилдик колдонмосунун өзүнөн, ошондой эле банктын кеңсесинен же ар кандай алыскы каналдар: төлөм терминалдары, башка банктардын мобилдик колдонмолору, ошондой эле, Кыргызстандын мобилдик операторлорунун колдонмолору аркылуу төгүүгө болот. Компаньон Банкынын эсептерин толуктоо, анын ичинде кредитти төгүү, өлкө боюнча дээрлик бардык терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу КОМИССИЯСЫЗ аткарыларын эскертебиз.

Толук маалыматты расмий сайттан www.kompanion.kg же Кардарларды колдоо кызматынан 88 00 номери аркылуу (уюлдук операторлордон чалуулар акысыз) алууга болот.

Бардык жаңылыктар