Жаңылыктар

САК БОЛГУЛА. МААЛЫМАТ КООПСУЗДУГУ

27 2 2024

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банкынын «ФП Групп» ЖЧКсы менен эч кандай жарандык мамилелери жок экендигин, анын ичинде www.kgkredits.com сайтында Компаньон Банкынын ишмердүүлүгү жана насыя берүү шарттары тууралуу жарнактарды жана башка маалыматтарды жайгаштырбай тургандыгын, ошондой эле «ФП Групп» ЖЧКсына кредиттик арыздарды кабыл алууга, жеке маалыматтарды чогултуп иштетүүгө уруксат бербей турганын билдиребиз.

«ФП Групп» ЖЧКсынын сайтында жана башка текшерилбеген булактарда өзүңүздүн жеке маалыматыңызды бербөөгө жана сак болууга чакырабыз. Банк кардар тарабынан купуя маалыматтын жоголушу, текшерилбеген интернет-ресурстарды пайдаланып жеке маалыматтардын берилиши, ошондой эле алдамчылар тарабынан жүргүзүлгөн транзакциялар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Компаньон Банкынан сунушталган өнүмдөр жана кызматтар тууралуу маалымат биздин www.kompanion.kg расмий сайтында гана жеткиликтүү.

Толук маалыматты 88 00 номери боюнча Кардарларды колдоо кызматынан (мобилдик телефондон чалуу акысыз) же банктын кеңселеринен алууга болот

Бардык жаңылыктар