Жаңылыктар

TULPAR-QR: КОМПАНЬОН ТИРКЕМЕСИ МЕНЕН ЖОЛ КИРЕ БОЛГОНУ 10 СОМ

11 3 2024

Компаньон” тиркемеси менен автобуста жана троллейбуста жүрүү андан да пайдалуу. Бишкек шаарында коомдук транспорт үчүн QR–Tulpar аркылуу төлөнсө, жол кире 17 сомдун ордуна 10 сом болот.

Бул кандай иштейт?

  1. “Компаньон” тиркемесине киргиле.
  2. Төмөнкү менюнун ортосундагы QR-код белгисин баскыла.
  3. Автобуста же троллейбуста Tulpar QR-кодун сканерлеп, төлөмдү тастыктагыла.
  4. Айдоочуга же текшерүүчүгө ийгиликтүү төлөм жөнүндө билдирүү баракчасын же квитанцияны көрсөткүлө.

Төлөм жөнүндө маалымат сиздин тарыхта сакталат, андыктан чыгымдарыӊызды дайыма көзөмөлдөй аласыз. Ал эми “Компаньон” тиркемесиндеги QR-сканердин жардамы менен бүткүл Кыргызстан боюнча товарларга жана кызматтарга дагы төлөй аласыз. Ыӊгайлуу жана ашыкча убарасы жок.

“Компаньон” тиркемесин бүгүн жүктөп алыӊыз жана чексиз ыӊгайлуулук жана накталай эмес төлөмдүн жөнөкөйлүгү менен ырахаттаныӊыз.

Акция 2024-жылдын 10-июнуна чейин иштейт.

Акция мөөнөтүнөн мурда аяктады. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Толук маалыматты www.kompanion.kg расмий сайтынан же 88 00 номери же WhatsApp аркылуу Кардарларды колдоо кызматырнан биле аласыздар.

Бардык жаңылыктар