Жаңылыктар

GMW: АКЧА ТАПСАҢ САКТА, КЕЛЕЧЕККЕ ПАЙДА"

26 3 2024

Компаньон Банкы жыл сайын дүйнөнүн 175 ашуун өлкөсүндө өткөрүлгөн жана балдардын, жаштардын финансылык сабаттулугун жакшыртууну көздөгөн, Кыргызстанда КРнын Улуттук банкы тарабынан координацияланган GLOBAL MONEY WEEK (Акчанын глобалдуу жумалыгы) билим берүү кампаниясын ийгиликтүү ишке ашырды.

24-жылдын 18-мартынан 25-мартына чейин биз кызыктуу билим берүү саякатына сүңгүп кире алдык. Анын алкагында окуучулар, ООЖдун жана лицейлердин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча 16 тренинг өткөрүлдү. Банктын тренерлери жалпысынан Кыргызстан боюнча болжолу менен 300 адам үчүн тренинг өткөрүштү. Быйылкы иш-чаралар "Акча тапсаң сакта, келечекке пайдадеген ураан алдында өттү.

Тренингдерден тышкары, банк социалдык тармактарда интерактивдерди өткөрүп, алардын жеңүүчүлөрү депозит ачууга сертификаттар, китеп жана бренддик продукция өңдүү баалуу байгелерди утуп алышты. Ошондой эле, расмий баракчаларда акчаны туура сактоо, топтоо жана көбөйтүү боюнча пайдалуу кеңештер камтылган материалдар үзгүлтүксүз жарыяланып турду.

Компаньон Банкы Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат жана туруктуу негизде окутуу программаларын сунуштайт. Белгилей кетсек, 2010-жылдан 2022-жылга чейин Компаньон банкынын адистери 47 миңден ашык тренинг өткөрүп, ага Кыргызстандын 15 миңден ашык айылынан 1500 угуучу катышкан.

Бардык жаңылыктар