Жаңылыктар

KYRSEFF БИЗНЕС-КРЕДИТТЕРИНЕ ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕРДИН ТӨМӨНДӨШҮ

26 9 2023

Компаньон Банкы “Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо” KyrSEFF программасынын алкагында энергияны үнөмдөөгө багытталган бизнес кредиттер боюнча пайыздык чендердин төмөндөшү жөнүндө кубанычтуу кабарлайт!

Эми 60 айга чейин 24%* пайыздык чен менен 8 500 000 сомго чейин кредит аласаңыз болот. Kyrseff бизнес кредиттери ишканаларга жана жеке адамдарга имараттардын жана өндүрүш объекттеринин энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле айлана-чөйрөнү сактоого жардам берүү үчүн берилет.

Компаньон Банкы кардарлага ушул сонун мүмкүнчүлүк менен пайдаланууну сунуштайт. Акчаны үнөмдөө үчүн гана эмес, экологияга да пайда алып келүү үчүн энергияны үнөмдөөгө инвестиция салып бизнесиңизди өнүктүрүңүз.

Бул программанын негизги артыкчылыктарынын бири кредиттин суммасынын 15% чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Грант энергоэффективдүү иш-чаралар ийгиликтүү ишке киргизилгенде төлөнөт. Гранттык төлөмдөрдүн өлчөмү KyrSEFF программасынын консультанты тарабынан энергоэффективдүү иш-чаралардын түрүнө жана энергияны үнөмдөөгө сарпталган каражаттардын суммасына жараша, максаттуу пайдалануу документтер менен тастыкталгандан кийин, ар бир учурда өзүнчө аныкталат. Грантты алуу тууралуу кененирээк маалымат.

“Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо” KyrSEFF программасынын алкагында бизнес кредиттер төмөнкү максаттарга берилет:

  • Өнөр-жай жабдууларын орнотуу (өндүрүш линияларын жана жабдууларын  энергоэффективдүү жабдууларга алмаштыруу).
  • Коммерциялык имараттарды модернизациялоо (имараттардын жылуулук сактоосун жакшыртуу –полдорду, дубалдарды, чатырды жылуулоо).
  • Сууну үнөмдөөчү технологиялар (тамчылатып сугаруу системалары, суу үчүн энергоэффективдүү насостор, бассейндер/суу чогултуучу идиштер).
  • Күнөсканаларды модернизациялоо (тамчылатып сугаруу системалары жана жылуулукту үнөмдөө). 
  • KyrSEFF программасына ылайык башка максаттар.

Компаньон Банкы ошондой эле кредит алуучулар үчүн жагымдуу шарттарды сунуштайт:

  • Кредитти төлөөнүн ийкемдүү графиги жана жеңилдетилген мезгил;
  • Учурдагы чыгымдарды кыскартуу (электр энергиясына төлөө, жылытуу ж.б.);
  • Акысыз техникалык жардам жана KyrSEFF программасынын экспертинин консультациясы.

* натыйжалуу пайыздык чен сом менен жылына 28,32% дан башталат.

Толук маалыматты «Компаньон Банкы» ЖАКтын кеңселеринен жана Кардарларды колдоо кызматынан алса болот: (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар