Банк Башкармасы

Банк Башкармасы

ЧЕРИКБАЕВА МАРГАРИТА ШАИМОВНА

ЧЕРИКБАЕВА МАРГАРИТА ШАИМОВНА

Башкарманын төрайымы

Маргарита Черикбаева 2018-жылдын 12-мартында «Компаньон Банкы» ЖАК Башкарманын Төрайымы катары дайындалды. Компаньонго келээрден мурда, ал 2015-жылдан тартып, «ФИНКА Банк» ЖАК Башкарманын Төрайымы болуп, ага чейин, 2011-жылдан баштап, ошол эле банктын операциондук иш боюнча директору болуп эмгектенип келген. Андан мурда, Маргарита Черикбаева ProCredit Holding немис холдингинин тармагына кирген банктардын Кавказдагы, Батыш Африкадагы жана Латын Америкадагы бизнес бөлүмдөрүнүн жана операциондук блокторунун ишин жетектеген.

 

Бапа уулу Кубанычбек

Бапа уулу Кубанычбек

БАШКАРМАНЫН ТӨРАЙЫМЫНЫН ОРУН БАСАРЫ

2018-жылдын 3-апрелинде Бапа уулу Кубанычбек «Компаньон Банкы» ЖАК Башкарманын Төрайымынын Орун басары болуп дайындалды.

Компаньонго келгенге чейин, 2014-жылдан 2018-жылдын март айына чейин, ал «Дос-Кредобанк» ААКнун Башкармалыгынын Төрагасы катары, ага чейин 2012-жылдан тартып, Башкармалыктын Төрагасынын Орун басары катары эмгектенген.

2010-жылдын октябрь айынан баштап, ал «Дос-Кредобанк» ААКнун насыялоо иштерин башкарган, 2012-жылдын февраль айынан баштап, Башкармалыктын Мүчөсү кызматын аркалаган.

2010-жылдын февраль айынан сентябрь айына чейин, Эл аралык каржы мекемелеринин программаларын насыялоо бөлүмүнүн башчысы жана Башкармалык Төрагасынын кеңешчиси кызматтарын бирге алып барган.

Бапа уулу Кубанычбек эмгек жолун «Энергобанк» ААКнда (2004-жылы «АТФБанк Кыргызстан» ААКна айланган) баштаган. 2004-жылдан 2010-жылга чейин, ал карьералык өсүүнүн ар бир басамагын ийгиликтүү өтүп, ЕӨРБ боюнча насыялоо адиси кызматынан Бөлүм башчысы кызматына чейин жеткен.

Ал, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик Университетин бүтүрүп, эки дипломго ээ болгон: математика жана системалык программалоо жана ошондой эле бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит.

 

Досумбетов Дамир Кылычбекович

Досумбетов Дамир Кылычбекович

БАШКАРМАНЫН ТӨРАЙЫМЫНЫН ОРУН БАСАРЫ

2004-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин «Финансы жана Кредит» адистиги боюнча бүтүргөн, 2009-жылы «Жарандык укуктук иши» багыты боюнча юридикалык билим алган. Эмгек жолун 2005-жылы «Инэксимбанк» ЖАК чекене насыялоо бөлүмүнүн адиси катары баштаган. 2006- 2008- жылдары «ФинансКредитБанк КАБ» ААК да жетекчи кызматтарында иштеген: ипотекалык жана керектөөчүлүк наасыялоо бөлүмүнүн башчысы, корпоративдик насыялоо башкармалыгы башчысынын м.а., жана сатуу бөлүмүнүн жетекчиси. 2008-жылы Дамир Компаньондун командасына улуу кредиттик администратор катары кошулган. Төрт жылдан кийин ал кредиттик башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган жана өзүн эптүү жетекчи катары көрсөткөн. 2017-жылы күздө Дамир Досумбетов «Компаньон Банкы» ЖАК Башкарма Төрага Орун Басары кызматына дайындалган. 

 

САТИБАЛДИЕВ МАКСАТБЕК САТИБАЛДИЕВИЧ

САТИБАЛДИЕВ МАКСАТБЕК САТИБАЛДИЕВИЧ

БАШКАРМАНЫН ТӨРАЙЫМЫНЫН ОРУН БАСАРЫ

Максатбек Сатибалдиев 2023 жылдын 1 ноябрынан тарта "Компаньон Банк" ЖАКнун Башкарманын төрайымынын орун басары кызматына дайындалган.

Максатбек Сатибалдиев Компаньон Банкына 2018-жылы долбоор менеджери катары ишке орношкон жана эки жыл аралыгында Башкы бухгалтер кызматына чейин өсүп, ал эми 2023-жылдын октябрь айында Башкарманын төрайымынын финансы боюнча орун басары кызматына дайындалды. 

Максатбек Сатибалдиев 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын артыкчылык менен бүтүргөн. Компаньон Банкына ишке киргенге чейин ал "Кыргызстан ижара компаниясы" ЖАКта Финансы директору болуп иштеген. Максатбек "Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы" ЖАК мекемесинде кеӊири тажрыйба топтоп, катардагы бухгалтерден Финасылык ишмердүүлүк боюнча жетекчинин орун басары жана Операциялык ишмердүүлүк боюнча жетекчинин орун басары кызматына чейинки жолду басып өткөн. Ал Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, Мобилдик финансылык кызмат көрсөтүүлөр башкармалыгы сыяктуу ар кандай бөлүмдөрдө иштеген убагында иш процесстерди өркүндөтүү жана инновациялык продукттарды ишке киргизүүдө жигердүү катышкан.

 

 

Фефилова Наталия Германовна

Фефилова Наталия Германовна

БАШКАРМАНЫН МҮЧӨСҮ

2018-жылдын 3-апрелинде Наталия Фефилова «Компаньон Банкы» ЖАК Башкарманын мүчөсү болуп дайындалды.

Компаньонго келгенге чейин, 2011-жылдан тартып, Financial Systems GmbH немис консалтинг компаниясында эмгектенип, ЕРӨБнын долбоорун Түндүк Кавказда (РФ) жайылтуу иштерине катышкан жана Өзбекстандагы Немис Өнүктүрүү Банкынын (KfW) долбоорун жетектеген. Эки долбоор тең микро жана кичи жана орто бизнес ишканалары менен иштеген коммерциялык банктарды колдоого багытталган. Андан тышкары, Тажикстанда микро-насыялоону жана LFSке тиешелүү AccessBank менен байланыштуу процесстерди жетектеген.

2005-жылдан 2010-жылга чейин, ал Сьерра-Леонеде жана Мексикада IPC GmbH немис консалтинг компаниясында микро жана кичи жана орто бизнес ишканаларын каржылоо жана ПроКредит Банктарында кадрларды башкаруу жана тренинг өткөрүү багытында иш жүргүзгөн. Кыргыз Республикасында жана Россия Федерациясында микро жана кичи жана орто бизнес ишканаларын каржылоого багытталган долбоорлорду жайылтуу иштерине катышкан.

Орто Азияда 8 жылдан ашык иш тажрыйбасына ээ. Кассель шаарынын Университетинде (Германия) экономика боюнча диплом алган (МБА).