ЭЛКАРТ төлөм картасы
ЭЛКАРТ «Бизнес» төлөм карталары
ЭЛКАРТ «Бизнес»-юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн улуттук төлөм системасынын дебеттик картасы.
АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:
- Кардарларга акча каражаттарын накталай алуу, отчет алынуучу сумманы жана иш сапар чыгымдарын картага которуу үчүн Банкка келүүгө убакыт үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет;
- Операциялык чыгымдарга жана отчет алынуучу суммаларды берүүгө кеткен убакытты кыскартат.
КАРТАНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ:
- Акча каражаттарын картада сактоо;
- КРнын бүткүл аймагында Компаньон Банкынын жана DemirBank достук тармагынын банкоматтарынан накталай акча алуу;
- Эсептин абалы тууралуу мини-көчүрмөнү жана SMS билдирүүлөрдү алуу;
- POS-терминалдар аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн нак эмес төлөмдөрдү ишке ашыруу;
- Каражаттарды сарптоого чектеме коюу;
- Каалаган убакта эсептешүү эсебинен картаны онлайн толуктоо;
- NFC* технологиясы аркылуу 1000 сомго чейин контактсыз төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү (бир күндөгү транзакциялардын саны чектөөсүз);
*NFC (Near Field Communication — «жакынкы контактсыз байланыш»)- картаны башка жактарга бербестен, максималдуу тездикте сатып алууларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген контактсыз технология. Төлөмдү ишке ашыруу үчүн, NFC технологиясын колдогон картаны кассадагы төлөм терминалына PIN-кодсуз жакын алып баруу керек. Эгерде бир төлөмдүн суммасы 1000 сомдон ашык болсо, картаны жабдыкка коюп, PIN-кодду терүү зарыл. Мындан соң, сатуучу картанын ээсине төлөм чегин чыгарып берет.
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР ТИЗМЕСИ:
- Өздүктү тастыктаган документ;
- Банктык эсепти ачуу тууралуу арыз;
Картаны чыгаруу үчүн тапшырыкты Компаньон Банкынын кеңселеринен бирине кайрылып берсе болот.
“КОМПАНЬОН БАНКЫ” ЖАКта БАНКТЫК ТӨЛӨМ КАРТАЛАРЫН ЧЫГАРУУ ЖАНА ТЕЙЛӨӨ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Элкарт “Бизнес” төлөм карталарын тейлөө боюнча колдонулган тарифтер