Директорлор кеңеши

ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
TBC Bankтын директорлор кеңешинин төрагасынын кеңешчиси
Вано Балиашвили банк ишмердигинде 25 жыл тажрыйбага ээ. Вано Тбилисси мамлекеттик университетинин инженерия жана экономика факультетинин бүтүрүүчүсү. Ошондой ал Европа менежмент мектебинин МВА квалификациясына ээ жана Джордж Вашингтон Университетинин (Грузия) долбоорлорду башкаруу боюнча магистри болуп саналат.
Эмгек жолун 1993-жылы бухгалтер катары баштап, кийин Грузиянын эң ири банктарынын бири - TBC Bankында башкы операциялык директор болгон Вано, карьералык баскычтын бардыгын басып өткөн.
Эффективдүү менеджмент, стратегиялык пландаштыруу жана инновациялардын аркасы менен Балиашвили башында турган TBC Bank Грузиянын банк секторунда алдынкы позициялардын бирин ээлеген. Учурда ал TBC Bankынын директорлор кеңешинин Төрагасынын (Өзбекстан) кеңешчиси жана аймактагы башка финансылык институттардын байкоочу кеңештеринин мүчөсү.

РОЗАННА САРКЕЕВА
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча регионалдык менеджери, Triodos Investment Management B.V., Нидерландия
Розанна банк иши, өнүгүп жаткан рыноктордогу энергиянын кайра жаралуучу булактары (жеке жана карыз финансылык мекемелер, долбоордук финансылоо үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактары), институционалдык дараметти өнүктүрүү (стратегия, тобокелдик, аудит, персонал менен башкаруу) жана корпоративдик башкаруу чөйрөлөрүндө тастыкталган инвестициялык тажрыйбасы бар инвестиция боюнча эксперт болуп саналат.
Финансы жаатында 20 жылдан ашык иш тажрыйбага ээ болуу менен, ал өз карьерасын Кыргызстандын банк чөйрөсүндө алгач коммерциялык банкта, андан соң КРнын Улуттук банкында иштеп баштаган. Рединг (Улуу Британия) университетин банк ишинин магистри жана экономика илимдеринин доктору даражасы менен аяктагандан кийин, карьерасын финансы секторунда эл аралык деңгелде уланткан.
Ушул тапта ал ECCA и Energy Transition Europe в Triodos Investment Management (Нидерланды) финансы институттарынын инвестициялык топторун башкарат жана аймактык банктын байкоочу кеңешинин мүчөсү болуп саналат

ЧНАРА МАМАТОВА
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
USAID Kyrgyzstanда экономист
Чнара Маматова — финансылык сектордо жана мамлекеттик түзүмдөр менен иштөөдө мол тажрыйбасы бар экономист жана сертификацияланган финансылык аналитик. Чнара экономика, менеджмент жана эсеп боюнча Кыргыз улуттук университетин жана Бишкек эл аралык менеджмент жана бизнес мектебин аяктаган. Мындан тышкары Уильямс колледжинде “өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн макроэкономикасы” (АКШ) адистиги боюнча магистр даражасына ээ болгон. Чнара көптөгөн жылдар бою КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында сабак берүү менен бирге, комерциялык жана финансылык уюмдарды башкаруу жана USAID жана UNDP өңдүү эл аралык уюмдарда долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасына ээ. Ушул тапта Чинара USAID Kyrgyzstanда экономист болуп иштейт.

ШТЕФАН МАРИО КВИК
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
Консультант
Штефандын банктык жана каржылоо чөйрөсүндө жана финансылык консалтингде 25 жылдан көп тажрыйбасы бар. Ал өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгүн өнүгүп келе жаткан жана өткөөл экономикалуу өлкөлөрдө банктарга жана башка каржы уюмдарына консалтинг кызматтарын жана институционалдык өнүгүү кызматтарын көрсөткөн International Projekt Consult (Германия) компаниясында баштаган. Ошондой эле, ал эл аралык абдан чоң ProCredit Holding (Германия) жана Inter-American Development Bank (АКШ) сыяктуу банктарда жана финансылык корпорацияларда иштеген. Штефан FINCA International/FINCA Micro Finance Holding компаниясында Латин Америка боюнча Регионалдык мүдүрү болгон. Ал Германиядагы Берлин Эркин университетинде (Freie Universitaet Berlin) экономика боюнча магистр илимий даражасын алган. Бүгүнкү күндө Квик мырза каржы суроолору боюнча эл аралык консультант болуп саналат.

ЛЕВАН ТХЕЛИДЗЕ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
Тобокелчиликтерди башкаруу комитетинин төрагасы
Леван Грузиянын финансылык секторунда жана “TbilCreditBank”, “TBC-Bank”, “Standard Bank” (учурда Terabank), “Liberty Bank” сыяктуу банктарда 22 жылдан ашык иш тажрыйбасына ээ.
Леван экономист, андан тарта Операциялык директор, банктын Башкармасынын Төрагасынын орун басары өңдүү алдынкы позицияларды ээлеген. 2009-жылдын августунан 2010-жылдын июль айына чейин Беларус мамлекети, Минск шаарындагы Ch.I.U.P. “Forward Capital”да чет элдик экономикалык активдүүлүк боюнча эксперт болгон. Левандын иш таржрыйбасы банктын операциялык ишмердүүлүгү, эл аралык операциялар, казыналык, филиалдык тармак, ошондой эле бакнтардын карталык жана төлөм бизнесин башкарууну камтыйт.
Леван 1996-жылы Тбилисси эл аралык экономикалык мамилелер институтун АКШ жана Канада Экономикасы адистигин боюнча аяктаган. Андан кийин, Тбилисси билим берүү экономикалык институтунда Эл аралык экономикалык мамилелер адистиги боюнча билим алган, ал эми 2005-жылы Тбилиссидеги менеджмент боюнча Европа мектебинде магистр даражасына ээ болгон