Жеке кардарларга

Бизнести өнүктүрүү боюнча кызматтар

Компаньон Банкы агрономия жана ветеринария боюнча 22 жогорку квалификациялуу адистерден турган өнүктүрүү командасы бар Кыргызстандагы жалгыз банк. Финансылык жана бизнести өнүктүрүү боюнча кызматтарды берүүдөн турган Компаньон Банкынын уникалдуу интеграцияланган мамилеси жаратылыш ресурстарын жана өндүрүштүк активдерди башкарууга этноэкологиялык мамилени колдонуу менен кардарларга түшүмдүүлүктү жана малдын кунарлуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Бизде бизнести өнүктүрүү боюнча кызматтарды үй чарбалардын деңгээлинде жеткирүүнүн бир нече чечимдери бар. 

кардарлар үчүн акысыз кеңештер

Биздин өнүктүрүү кызматтарыбыз каржы продуктылары менен интеграцияланган. Биз жөн эле акча каражаттарын бербей, биз дыйкандардын айыл чарба бизнесин өнүктүрүү боюнча кеңештерди берип, кардарларга каржы окутууну өткөрөбүз. Кеңештердин темалары: айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, малдын кунардуулугун жакшыртуу, урук өстүрүүчү чарбалар жана питомниктер жөнүндө маалымат издөө, жаңы төмөн чыгым чыгарылуучу агротехникалар, мезгилдүү ситуацияларын алдын алуу боюнча кеңештер, жер кыртышындагы нымды сактоо боюнча рекомендациялар, түшүмдү жыйноо жана сактоо боюнча кеңештер ж.б.

акылдуу инвестициялар

Финансылык жана бизнести өнүктүрүү боюнча кызматтарды интеграциялоону күчөтүү максатында өнүктүрүү командасы «акылдуу инвестициялардын» концепциясын иштеп чыккан жана киргизген. Бул жөнөкөй жана түшүнүктүү инвестициялык бизнес-идеялар, алар көрсөтмө техникалык материалдар менен коштолот, идеянын маңызын көрсөтөт дагы негизги эсептөөлөрдү берет, киргизүүдө кардарлар ала турган мүмкүндүү экономикалык пайдаларын иллюстрациялайт. 

Биз жашоочуларга төмөн чыгым чыгарылуучу агротехникаларын кантип колдонуу, физикалык жана каржы капиталынын минималдуу салымын талап кылган, бирок кирешени көбөйтүүгө, түшүмдүүлүктү жогорулатууга, өндүрүштү жана азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга алып келген өндүрүштү, маркетингди жана бизнес-ыкмаларын кантип жакшыртуу жөнүндө маалымат сунуш кылабыз. Бул кардарларыбызга өз бизнесин өнүктүрүүгө жана алардын үй чарбаларына жагдайсыз тенденцияларынын таасирин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.