Бизнес-кардарларга

Төлөм терминалдары

Компаньон Банкынын кардарлары төмөнкү төлөм терминалдар аркылуу кызматтарды төлөй алышат:

  • Компаньон Банкынын терминалдары;
  • Pay24 терминалдары;
  • Quickpay терминалдары;
  • Оңой терминалдары.

Компаньон Банкынын терминалдары

Компаньон Банктын автоматташтырылган төлөм терминалдары (АТТ) үчүнчү жактардын пайдасына төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Кардарлар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү үчүн Банктын 98 бөлүмдөрүндө төлөм терминалдары жайгаштырылат.

Жеткиликтүү төлөм кызмат түрлөрү

  • Коммуналдык кызматтар үчүн төлөө;
  • Мобилдик байланыш балансын толуктоо;
  • Кабелдик/сан арип ТВ үчүн төлөө;
  • Мобилдик тиркеме эсебин толуктоо ж.б..

Төлөм кызматтарын камсыздоо тартиби

АТТ кызматтарын пайдалануу үчүн, АТТ аркылуу акча каражаттарын кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн  Айкын Офертаны  окуп чыгуу керек жана керектүү кызматты тандап, эсеп номерин жазып, акча каражаттарын акча кабыл алуу жабдуусуна салуу керек.

  • Төлөмдөр бир гана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында кабыл алынат. 
  • Бир жолку төлөм 15 000 сомду ашпашы керек. Бул учурда транзакция саны чектелген эмес.
  • Үчүнчү жактардын пайдасы үчүн төлөмдөр (мобилдик байланыш кызматтары, интернет-провайдерлер, кабелдик/сан арип ТВ, коммуналдык төлөмдөр ж.б.) дароо эсепке тушөт.

Quickpay, Оңой жана Pay24 терминалдары

Компаньон Банкынын кардарлары өнөктөштөрүбүздүн терминалдары аркылуу төмөнкү төлөмдөрдү жасай алышат: 

  • Карт эсебин толуктоо;
  • Эсептешүү эсебин толуктоо;
  • Аманатты толуктоо;
  • Кредитти жабуу;
  • Мобилдик тиркеме эсебин толуктоо; 
  • Төлөмдүн минималдуу суммасы 20 сом;
  • Төлөмдүн максималдуу суммасы 50 000 сом;
  • Комиссия Pay24 - 0%; 
  • Комиссия Quickpay - 0%. 
  • Комиссия Оңой- 2%.

PAY 24 төлөм терминалдардын тизмеси

Quickpay төлөм терминалдардын тизмеси

Инструкция    

Көңүл буруңуз!

Pay24 жана QuickPay төлөм терминалдары аркылуу жумуш сааттарда саат 8:30 - 17:00 чейин төлөмдөрдү өткөрүүдө акча каражаттары эсепке 5 мүнөт ичинде түшөт. Дем алыш, майрам күндөрү акча каражаттары кийинки иш күнү түшөт.

Толук маалыматты байланыш-борборунун номерлери боюнча алуу мүмкүн: 0 (312) 33 88 00 и 88 00.