Жаңылыктар

ЗОЛОТАЯ КОРОНА ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫ МЕНЕН КОРЕЯГА АКЧА КОТОРУУЛАР

24 10 2019

Урматтуу кардарлар!

"Компаньон Банкы" ЖАК маалымдайт: Золотая Корона Төлөм системасында жаңы багыт – Кореяга которууларды жөнөтүү жеткиликтүү болуп калды.

Жөнөтүүнүн шарттары:

  • Кардардан комиссия: 10 USD (которуунун суммасына карабастан)
  • Жөнөтүү валютасы: USD
  • Эсептөө валютасы: KRW (Түштүк Кореянын вонасы)

Которууларды жөнөтүүгө лимиттер: күндүк транзакция үчүн 5,000 USD көп эмес жана бир жөнөтүүчүдөн бир алуучуга жылына 50,000 USD көп эмес.

Каражаттарды эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү: Кореяда бардык которуулар E9pay мобилдик тиркемеси аркылуу берилет, ал аркылуу алуучу өзүнө которууну банктагы эсепке эсептейт. Которуу жөнөтүлгөндөн кийин Алуучу E9pay мобилдик тиркемесинде каттоодон жана идентификациялоодон өтүүсү зарыл.    

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз. 

Бардык жаңылыктар