Жаңылыктар

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭҢ МЫКТЫ МИКРОФИНАНСЫЛЫК БАНКЫ 2019

25 10 2019

Компаньон Банкы Global Banking & Finance Awards® версиясы боюнча «Кыргызстандын эң мыкты микрофинансылык банкы 2019» номинациясында жеңди. Бул сыйлык финансылык институттарда жана глобалдык финансылык жамаатта прогрессивдүү жана шыктандыруучу өзгөрүүлөрдү, инновацияларды, жетишкендиктерди жана стратегияларды чагылдырат.  

Global Banking & Finance Review® - 2010-жылы түзүлгөн ар жылы бүт дүйнө боюнча 3 миллиондон ашуун окурмандарды чогулткан өзүнүн онлайн-порталы, Print & Digital журналы менен алдынкы Media Powerhouse финансы порталы болуп саналат.  Банк иши үчүн сыйлыктар дүйнөлүк финансы жамаатына жогорку кесипкөйлүктүн символу катарында белгилүү.  

Бул сыйлыкты алуу биз үчүн кардарлардын күтүүлөрүнөн ашып түшүү  үчүн дагы чоң түрткү болуп саналат. Биз кардарларыбызга берилгендиги жана ишеними үчүн ыраазылык билдиребиз!                                             

                                                          

Бардык жаңылыктар