Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ ТӨЛӨМ КАРТТАРДЫ ТЕЛЕФОН БОЮНЧА ҮЙГӨ ЖЕТКИРҮҮ КЫЗМАТЫН ИШКЕ КИРГИЗЕТ

15 11 2019

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банкы кардарларына ыңгайлуу жана жакын болуп калууда. Биз «Visa» жана «Элкарт» карталарын телефон боюнча үйгө жеткирүү менен заказ кылуу кызматын ишке киргизүү жөнүндө жарыялоого кубанычтабыз. Жаңы сервис кардарларга убакытты олуттуу үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, анткени, эми төлөм картасын ачуу үчүн банктын бөлүмүнө баруу зарылчылыгы жок. Карталык жана башка эсептерди дистанттык башкаруу үчүн Компаньон Банкы интернет-банкинг жана мобилдик банкинг сервистерин сунуштайт, ошондон улам Компаньон Банкынын төлөм карталарын пайдалануучулар жайгашкан ордуна карабастан, жеке финансыларына 24/7 жеткиликтүүлүгүнө ээ.

Бул сынамык долбоордун алкагында картаны телефон боюнча заказ кылуу жана аны жеткирүү Бишкек ш. чегинде 2019-жылдын 31-декабрына чейин ишке ашырылат.

Картаны телефон боюнча заказ кылуу үчүн төмөнкү кыска номер жеткиликтүү: 8800 (КРнын уюлдук операторлорунан чалуу акысыз)Үйгө жеткирүү акысы: 100 сом.

Компаньон Банкы менен бирге мобилдүү болуңуздар!

Бардык жаңылыктар