Жаңылыктар

ИШКЕРЛЕРДИН ТОП-5 КАТАЛАРЫ

24 1 2020
ИШКЕРЛЕРДИН ТОП-5 КАТАЛАРЫ

Ката №1. Кардарынын жүзүн билбөө  

Кыргызстанда көптөгөн бизнестер жабылып калып жатканына негизги себеп – максаттуу аудиторияны түшүнбөө, ал товарды же кызматты туура эмес сунуштоого алып келет. Албетте, бул кардарлардын жетишсиздигине жана акырында төмөн кирешеге алып келет.

Кырдаалды 180 градуска буруу учүн товарларыңыз менен кызматтарыңыз кимдерге арналганын ойлоңуз. Кардарларыңызды изилдеңмз. Алар кимдер? Эмнени артык көрүшөт? Эмне үчүн сизден сатып алышат? Бул суроолорго жооптор кардарларыңызды канааттандыруучу чыныгы зарыл продукцияны иштеп чыгууңузга жардам берет жана кийинки сатууларга негиз түзөт.

Ката №2. Баарын жалгыз жасоого умтулуу

Ишкерлердин эң жайылган каталарынын бири болуп баарын өзү жасоого умтулуусу саналат, себеби, алар көзөмөлдөй албай калабыз жана эч ким алардан жакшы жасай албайт деп ойлошот.

Бизнести өнүктүрүү үчүн милдеттерди бөлүштүрүү жана башка адамга єз жөндөмдүүлүгүн жана талантын көрсөтүү мүмкүндүгүн берүү керек. Кызматкерлер жаңылыштыктарга жол бериши мүмкүн, бирок, андай болгондо аларды туура багыттап коюңуз. Бир адам дароо баарын аткара албайт, ошондуктан Стив Джобстын сөзүн эстеңиз: «Биз зээндүү адамдарды биздин эмне кылуубузду айтып турушу үчүн жалдайбыз». Таланттуу адамдарды издөө жана тартуу – ар бир ишкердин негизги милдеттеринин бири.

Ката №3. Стратегиялык пландоонун жоктугу

Негизги каталарга төмөнкүлөрдү кошууга болот:

  • өнөктөштөрдүн же кызматкерлердин ортосунда жоопкерчилик аймактарын так эмес бөлүштүрүү;
  • болжолдонулган чыгымдардын суммаларын төмөндөтүү;
  • күтүлүүчү кирешелердин өтө эле оптималдуу цмфралары;
  • кандайдыр-бир себептерден улам «А» планы үзгүлтүккө учураса, «В» планынын жоктугу;  
  • тобокелдиктерди жана атаандаштардын ишмердүүлүгүн жеткире баалабоо.

Бизнес-план бизнести өнүктүрүүгө кредит алуу үчүн эле керек эмес. Чындап келгенде, ал конкреттүү цифралар, сатуулардын, пайданын көлөмү жана аларга жетүү мөөнөтү түрүндө түшүктүү максаттарды чагылдырууга тийиш. Бул сизге, эгерде бир нерсе ойлогондой болбой калса, аракеттерди тууралоого жардам берет.

Ката №4. Туура келбеген команда

Forbes изилдөөсүнүн маалыматы боюнча, чакан жана орто бизнестин 23%ы команданы туура эмес тандоонун себебинен улам жабылат. Ишкерлердин көпчүлүгү достук мамиленин негизинде команда түзөт. Мындай кырдаалда иштеген жагымдуу, бирок, бул зарыл көндүмдөрдүн жоктугунун ордун толтурбайт жана көп учурда стресс жаратат. 

Сиз өз көндүмдөрүңүздү баалашыңыз жана алсыз жерлерин аныкташыңыз зарыл. Ишке ишенген жана сизде жок болгон зарыл көндүмдөргө ээ болушкан команда мүчөлөрүн табыңыз. Зарыл компетенциялары бар туура команда максаттарга жетүүдө олуттуу ролду ойнойт.

Ката №5. Финансылоонун жетишсиздиги

Бул пункт бизнес-пландагы ката эсептөөлөрдөн келип чыгат жана көп учурда ишкерлер аша чабышат: бирөөлөр баарынан үнөмдөшсө, экинчилери, тескерисинче, “ашыкча чачылган” бизнести башташат.

Каражатты эстүү бөлүштүрүү керек, себеби, кээде сарамжалдык бизнестин натыйжалуулугун төмөндөтөт. Чыгымдардын аз болушу үчүн инфраструктурага жумшабасаңыз же дагы иштөөчүлөрдү кабыл албасаңыз, буз сизге пайда алып келбейт. Демек, бизнес же бир орунда туруп калат, же өтө аз ыргакта өнүгөт.   

Бул учурда финансылоонун ар кандай методдору бар:   

  • бизнестин белшилүү бир үлүшүнө алмашуу менен инвестор тартуу;   
  • пайданы кайра инвестициялоо;
  • алгылыктуу өлчөмдөгү жана алгылыктуу пайыздагы бизнес кредит, ал бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн натыйжалуу кызмат кылат.  

Компаньон Банкы Кыргызстанда акциянын алкагында ишкердикти колдойт жана чакан жана орто бизнес үчүн кредиттер боюнча пайыз коюмдарын төмөндөтүүдө. 

КОМПАНЬОН БАНКЫНАН  БИЗНЕС КРЕДИТТЕР БОЮНЧА АКЦИЯ ЖӨНҮНДӨ КЕҢИРИ ОКУҢУЗДАР  

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыздар.

Бардык жаңылыктар