Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДУУЛАРДЫ РЕГИОНДОГО ТАРАТТЫ

10 8 2020

Компаньон Банкы социалдык жоопкерчиликтүү каржы институту катары Кыргыз Республикасынын калкына жана саламаттыкты сактоо системасына колдоо көрсөтүүнүн муктаждыгын көрөт. ⠀

Ушул максаттарда Компаньон Банкы буга чейин «Зарыл Учурда» кайрымдуулук демилгесинин алкагында 4 млн. сомго талап кылынган медициналык жабдууларды сатып алган. Ушул жумада банк кызматкерлери Кыргызстандагы 42 медициналык мекемеге медициналык жабдууларды таратып беришти. ⠀

Биргелешкен аракеттерибиз менен пандемияны жеңишибизге ишенебиз. ⠀

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Кошумча маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрүнө 8:00 баштап 20:00 чейин жана дем алыш күндөрүнө 09:00 баштап 17:00 чейин кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРдин мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар