Жаңылыктар

“QR КАБЫЛ АЛ – БАЙГЕЛЕРГЕ ЭЭ БОЛ” АКЦИЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

27 1 2022

Урматтуу кардарлар!

Биз кубануу менен «Компаньон Банкы» ЖАК “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК менен бирге соода-тейлөө ишканаларынын өкүлдөрү үчүн байге фонду 200 000 сомду түзгөн “ЭЛКАРТ Трейд” тиркемеси аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча уюштурган “QR кабыл ал-байгелерге ээ бол” акциясынын беш жеңүүчүсүнүн жарыялайбыз.

Жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз жана биздин банктын кызматтарын тандап алганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз.

Сыйлыктарды тапшыруу Компаньон Банкында 1-февралда өтөт. Жеңүүчүлөр жеке чакыруу алышат.

Эскерте кетсек, акциянын шарттарына ылайык, соода-тейлөө ишканалары “ЭЛКАРТ Трейд”* тиркемеси аркылуу QR-кодду сканерлөө аркылуу калктан товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алып алышкан. Жеңүүчүлөр болуп, ийгиликтүү төлөмдөрү эң көп болгон катышуучулар табылган.

Аяктаган акция тууралуу кенен маалыматты бул жактан алууга мүмкүн.

Биздин жаңылыктарга байкоо салып, кийинки акцияларга катышыңыздар!

Кенен маалымат алуу үчүн Кардарларды тейлөө кызматына кайрылсаңыздар болот: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуулар акысыз).

*”ЭЛКАРТ Трейд” – бул QR код боюнча нак эмес төлөмдөрдү кабыл алуучу мобилдик тиркеме https://elcart.kg/

Акция Кыргыз Республикасынын Президентинин “Каржы рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган. Бул жарлык өлкөнүн каржы рыногунун өнүгүүсүн жана мобилдик тиркемелер, анын ичинде “ЭЛКАРТ Трейд” тиремеси аркылуу каржы кызматтарын алууну жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган.

Бардык жаңылыктар