Жаңылыктар

КЫРГЫЗСТАНДЫН УЛУТТУК ТӨЛӨМ СИСТЕМАЛАРЫ ШТАТТЫК РЕЖИМДЕ ИШТЕП ЖАТАТ

26 2 2022

Кыргызстандагы мессенджерлер аркылуу банктык төлөм карталарынын ишинде массалык үзгүлтүккө учуроо ыктымалдыгы тууралуу туура эмес маалымат тарап жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет. 

Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системалары байланыш каналдары катары жергиликтүү коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерин колдонуу менен белгиленген эрежелер, форматтар жана тарифтер боюнча штаттык режимде иштеп жатат. Улуттук төлөм системаларынын иштешине башка өлкөдө орун алган тобокелдиктердин таасир берүү деңгээли минималдуу болуп саналат.  

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында «Элкарт» төлөм карталары менен улуттук эсептешүү системасы иштейт. Ал маанилүү төлөм системасы болуп саналат жана негизинен эмгек акы долбоорлору, пенсияны, жөлөк пулдарды алуу жана өлкө бюджетине төлөө/бюджетинен башка төлөп берүүлөр үчүн колдонулат. 

Төлөм карталары менен эл аралык эсептешүү системалары боюнча айта турган болсок, Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан процессинг борборуна көз каранды болгон айрым банктар бар экендигин билдиребиз.  

Бул банктарда эл аралык системаларынын (Visa, Mastercard) банктык карталарын банкоматтарда жана POS-терминалдарда тейлөөдө көйгөйлөр келип чыккан учурда, Россиядагы процессинг борбору өчүрүлүшү мүмкүндүгүнөн улам, Visa жана Mastercard карталарынын ээлери-кардарлары ошол банктардын өздөрүнүн филиалдарында/сактык кассаларында эсептешүү-кассалык тейленүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

Улуттук банк бардык суроолор, анын ичинде банк кызматтарын сунуштоого байланыштуу суроолор боюнча интернет-сайттарды, колл-борборлорду, социалдык тармактарды жана мессенджерлерди кошуп, бардык байланыш каналдары боюнча коммерциялык банктардын өзүнө түздөн-түз кайрылууну сунуштайт.  

Мындан тышкары, кандай гана болбосун маалыматты, анын ичинде мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу таркатылган маалыматты Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын расмий интернет-сайттарынан текшерип көрүүнү сунуштайбыз.  

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын төлөм системалары штаттык режимде иштеп жаткандыгын тастыктайбыз.  

Улуттук банк жагдайды туруктуу негизде көзөмөлдөп жана контролдоп турат, зарылдыгына жараша, өлкөнүн банк жана төлөм системасынын туруктуулугун мындан ары камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөт. 

Булак: www.nbkr.kg 

Бардык жаңылыктар