Жаңылыктар

“ЮНИСТРИМ” СИСТЕМАСЫНЫН ИШИНДЕГИ УБАКТЫЛУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

3 3 2022

Урматтуу кардарлар!

Сиздерди акча которуулар боюнча «Юнистрим» системасынын ишиндеги өзгөрүүлөр тууралуу маалымдайбыз:

  1. Грузияда орус рублинде которууларды алуу жана жөнөтүү убактылуу токтотулду.
  2. Төмөнкү өнөктөштөрдө: Tokuda Bank Болгария, MoneyPolo Чехия, Medicinos Bankas Литва, Valutrans Италия которууларды берүү убактылуу токтотулду.
  3. Россия Федерациясынын Президентинин Жарлыгынын 28.02.2022-ж. негизинде чет элдик валютада эл аралык карталарды толуктоо кызматы токтотулду. Россия Федерациясынын аймагында чыгарылган карталарды толуктоо, ошондой эле эл аралык карталарды орус рублинде толуктоо штаттык режимде ишке ашууда.

Кошумча маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрүнө 8:00 баштап 20:00 чейин жана дем алыш күндөрүнө 09:00 баштап 17:00 чейин кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРдин мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар