Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ АКЧАНЫН ГЛОБАЛДУУ ЖУМАЛЫГЫНЫН КАТЫШУУЧУСУ

30 3 2022

Компаньон Банкы 2022-жылдын 31-мартынан 7-апрелине чейин өтө турган Акчанын Глобалдуу Жумалыгынын алкагында Кыргызстандык окуу жайларында финансылык сабаттуулук кампаниясын өткөрөт.

Акчанын Глобалдуу Жумалыгы (англ. Global Money Week (GMW)) – бул ар жыл сайын дүйнөнүн 175 мамлекетинде өткөрүлүүчү жана Кыргызстанда КРнын Улуттук Банкы тарабынан координациялануучу ири масштабдагы кампания. Анын максаты – балдар менен жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.

“Өз келечегиңерди кургула, акчага акыл-эстүү мамиле кылгыла” ураанын алдында Банктын тренерлери мектеп окуучулары, ООЖ жана лицейлердин студенттери үчүн окутуу программаларын өткөрөт. 15 семинар Бишкек, Ноокен, Токтогул, Кербен, Нарын, Кочкор, Каракол, Балыкчы, Талас, Ош-Датка, Өзгөн жана Исфана шаарларында уюштурулат.

Мындан тышкары, 31-мартта Кыргыз Агрардык Университетинде “Каражат чогултуунун мааниси” темасында 1,2-курстун студенттери үчүн конок лекциясы уюштурулат

Бардык жаңылыктар