Жаңылыктар

КҮН БАЛДАРЫН КОЛДООГО ӨЗ САЛЫМЫҢЫЗДЫ КОШУҢУЗ

26 4 2022

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы “Компаньон” Мобилдик тиркемеси аркылуу Кызыл Жарым Ай коомунун Реабилитациялык Борборунун алдындагы Талас шаарындагы Даун синдрому, аутизм жана ДЦП менен ооруган балдар үчүн туз бөлмөсүнүн курулушуна өз салымыңызды кошо алаарыңызды маалымдайт.

Реабилитациялык борбор 2018-жылы курулган жана бүгүнкү күндө 30 өзгөчө баланы кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар, ал эми туз бөлмөсү алардын иммунитетин күчтөндүрүүгө өбөлгө түзөт.

Акча каражатын кантип которууга болот?

  • «Компаньон» мобилдик тиркемесинде “Төлөмдөр” бөлүгүн ачыңыз; 
  • «Башкалар» бөлүгүндө «Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому» кызматын тандаңыз; 
  • Тиешелүү маалыматты толтуруңуз (телефон номериңиз жана аты-жөнүңүз);
  • Которуунун суммасын териңиз;
  • Төлөмдү ырастаңыз.

Ошондой эле, сиз боорукерлик эстафетасын досторуңузга, кесиптештериңизге жана жакындарыңызга узатсаңыз болот.

Бардык жаңылыктар