Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ БАЛДАРДЫ БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

1 6 2022

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бул күн балдар кабылган көйгөйлөргө адамдардын көңүлүн бурууну көздөйт. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кыйынчылыктар менен күн сайын кезигет.

Дал ошондуктан, Компаньон Банкы бул күнү аларга көңүл бурууну чечкен.

Биринчи май районунун майыптар Коомунан 94 бала белектерди алышты. Кызматкерлер Банкта “Жакшылык жаса” аттуу ар жылдык кайрымдуулук жарманкесин өткөрүп, каражат чогултушкан.

Мындан тышкары, майрамды утурлай, Банк социалдык тармактарда 3 жаштан 20 жашка чейинки балдар арасында чыгармачылык сынагын уюштурган. Биринчи 3 орунга ээ болгондор акылдуу саат, сүрөтчүнүн топтому жана китеп алууга сертификат алышат.

Сынактын жыйынтыгы тууралуу биздин инстаграммдагы расмий баракчабыздан @bank_kompanion билүүгө болот.

Бардык жаңылыктар