Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ БАЛДАРДЫ БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

2 6 2023

2023-жылдын 1-июну -балдарды коргоо күнү жана бул өзгөчө күнү Компаньон Банкы муктаж болгон балдарга камкордук кылып, көңүл бөлдү. Өзүнүн корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында Банк ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн сюрприз уюштурду.

Биринчи май районунун майыптар коомуна кирген 94 балага Банктан белектер берилди. Ал эми Москва районунун майыптар коомунда каттоодо турган 40 бала үчүн Банктын Беловодск шаарындагы Чүй филиалы кафеде майрамдык түшкү тамак уюштурду. Бул күн алар үчүн кызыктуу, жаңы тажрыйбалар жана кубанычтуу сезимдерге толгон өзгөчө күн болду.

Мындан тышкары, майрамдын алдында Банк социалдык тармактарда балдар арасында чыгармачылык сынак өткөрүп, анын жеңүүчүлөрү 1-июнда аныкталды. Максималдуу лайк топтогон алгачкы 3 орунга эсте калчу белектер: акылдуу сааттар, оюн аянтчасына жана китеп сатып алууга сертификаттар тапшырылды.

Бардык жаңылыктар