Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ ДЕПОЗИТТЕР БОЮНЧА ЧЕНДЕРДИ СОМ МЕНЕН ЖЫЛДЫК 16%ГА ЧЕЙИН ЖОГОРУЛАТТЫ

15 8 2023

Компаньон мобилдик тиркемесинде жеке жактар ​​үчүн сом менен жылына 16%га чейин Топтоолуучу жана Мөөнөттүү депозиттер жеткиликтүү*. Бул аманаттарды топтоого жана көбөйтүүгө умтулгандар, келечекке пландарды түзүүнү жана финансылык туруктуулугун камсыз кылууну каалагандар үчүн эң сонун жаңылык. Депозитти 3 айдан 36 айга чейин ачууга болот.

Компаньон Банкынын депозиттеринин артыкчылыктары:

  • Жагымдуу пайыздык чендер;
  • Каалаган ыңгайлуу убакта толуктоо;
  • Банк 1 миллиард сомдон ашык уставдык капиталга ээ; 
  • Депозиттер каражатты сактоонун эң ишенимдүү ыкмаларынын бири болуп саналат;
  • Депозиттер КРнын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан корголот.

Шарттары жөнүндө толук маалымат, ошондой эле депозиттер боюнча кирешенин болжолдуу суммасын эсептөө төмөнкү шилтемелер боюнча калькулятордун жардамы менен жүргүзүлүшү мүмкүн:

* Жылдык натыйжалуу пайыздык чен 17,21% чейин. 

Тиркемени жүктөө:

                      

Эсепти үйдөн чыкпастан, аралыктагы каналдар аркылуу башкарууга жана толуктоого болот:

Компаньон мобилдик тиркемесинде депозит ачуу үчүн:

  • Компаньон мобилдик тиркемесин жүктөп алуу керек (iOS үчүн, Android үчүн);
  • Аралыктан идентификациялоодон өтүү керек;
  • “Депозиттер” бөлүгүнө өтүү керек;
  • “Жаңы депозитти ачуу” дегенди тандоо зарыл;
  • Каалаган депозитти тандоо керек;
  • Депозиттин шарттарын окуп чыгып, "Депозитти ачуу" баскычын басуу керек;
  • Ачылган депозиттин эсептөө терезечесинде депозиттин суммасын жана мөөнөтүн киргизип "Кийинки" баскычын басуу керек;
  • Толук шарттар менен таанышып депозит ачууга макулдугуңузду берүү керек;
  • Андан кийин депозиттин ийгиликтүү ачылганы тууралуу билдирүү пайда болот. Ачылган депозит "Менин депозиттерим" бөлүгүндө көрсөтүлөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.

Бардык жаңылыктар