Жаңылыктар

ШЫЛУУНДАРДАН АБАЙЛАҢЫЗДАР!

18 8 2023

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банк алдамчы топтор тууралуу эскертет. Алдамчылар кардарларга телефон чалып, өздөрүн банк кызматкерибиз деп көрсөтүшөт. Бонустарды төлөөгө убада берип, шылуундар мобилдик тиркеме, интернет-банкинг жана карталар боюнча жеке маалыматтарды талап кылышат.

Шылуундардын айла-амалдарына түшүп калбоо үчүн төмөнкү маалыматтарды билүү жана колдонуу маанилүү:

  • СМСтен бирөөлөргө жеке коддоруңузду, СVV-код же картанын арткы бетиндеги кодду жана интернет-банкингтин, мобилдик тиркеменин сыр сөзүн эч кимге айтпаңыз. 
  • Шектүү шилтемелерди ачпаңыз. Картага которулган акчаны алуу үчүн картанын 16 орундуу номерин билүү гана жетиштүү.
  • Бир жолу берилген паролдорду экинчи жактарга жана банктын кызматкерлерине да айтпаңыз (банк кызматкерлери эч качан сизден паролду сурабашы керек).
  • Эгерде сизге банктан чалып, бирок сизде шектенүүлөр пайда болсо, ошол эле номерге кайрадан чалбаңыз. Андан көрө сайтта көрсөтүлгөн номерди кол менен териңиз.

Эгер сиз шылуундарга карта жөнүндө маалыматты же СМСтен жашыруун кодду билдирген болсоңуз, расмий номер боюнча банкка шашылыш чалып, картаны, мобилдик тиркемеге же Интернет-банкингге кирүү мүмкүнчүлүгүн бөгөттөңүз.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.

Бардык жаңылыктар