Жаңылыктар

КОМПАНЬОНГО КОТОРУУЛАР": КЫРГЫЗСТАН ИЧИНДЕ КОМИССИЯСЫЗ АКЧА ЖӨНӨТ

4 9 2023

«Компаньон» мобилдик тиркемесинде акча которууларды кабыл алуу жана жөнөтүү дагы жеңилдеди. Эми “Компаньонго которуулар” жаңы кызматы Кыргызстан боюнча акчаларды КОМИССИЯСЫЗ которууга мүмкүндүк берет. Досуңуздун же жакын адамыңыздын тиркемеси жок болсо да, мындан ары алардын телефон номерине акча жөнөтө аласыз.

Которууну жөнөтүү бир нече аракет менен ишке ашат:

1.   Компаньон тиркемесин көчүрүп алыңыз жана аралыктан       идентификациядан өтүңүз.

2.   Башкы беттен «Компаньонго которуулар» бөлүмүнө кириңиз жана алуучунун телефон номерин жазыңыз (КР бардык уюлдук оператору)

Акчалай каражаттар “Компаньон” мобилдик тиркемесине которулат. Ал эми тиркеме орното элек алуучулардын телефон номерине акча келип түшкөнү жөнүндө SMS-билдирүү жана тиркемени көчүрүү шилтемеси келет. Которууну алуу үчүн алуучуга тиркемени көчүрүү жана аралыктан идентификациядан өтүү зарыл. Эгерде алуучу 72 сааттын ичинде тиркемени көчүрбөсө жана идентификациядан өтпөсө которулган акча жөнөтүүчүгө кайтарылат.

Акчаны кантип накталай алууга болот?

Которулган акчаны Компаньон банкынан алган картаңызга алдын ала которуп, Кыргызстандын бардык банкоматтарынан эч комиссиясыз накталай алууга болот. Мындан тышкары, тиркемедеги акчаны кеңселерден, ошондой эле Компаньон банкынын расмий өкүлдөрү болгон Агенттерден накталай ала аласыз. Алыскы аймактарды кошкондо бүткүл республика боюнча 2 000 ашык агент жеткиликтүү.

Эгерде сизде Компаньон тиркемеси жок болсо ушул шилтемеден көчүрүп алыңыз жана банкка барбай эле аралыктан идентификациядан өтүңүз.

“Компаньон” мобилдик тиркемеси бул:

  • Оңой кирүү, ыңгайлуу навигация жана 500 ашык кызматтар.
  • Pay24 терминалдары, Balance, О! Деньги терминалдары жана капчыктары, О! терминалдары жана MegaPay капчыктары аркылуу КОМИССИЯСЫЗ толуктоо.

Кардарларды колдоо кызматы 24/7 жеткиликтү

Толук маалыматты 88 00 номери боюнча Кардарларды колдоо кызматынан (мобилдик телефондон чалуу акысыз) же банктын кеңселеринен алууга болот. 

Бардык жаңылыктар